Каныбек Иманалиев ЖЭБ боюнча өзүнө коюлган дооматтарга жооп берди (ВИДЕО)

Каныбек Иманалиев ЖЭБ боюнча өзүнө коюлган дооматтарга жооп берди (ВИДЕО)

Бүгүн Жогорку Кеңеште Бишкек Жылуулук электр борбор (ЖЭБ) маселеси дагы көтөрүлүп, баягы эле сөздөр айтылууда. Тагырагы, ЖЭБ аварияны оңдоп-түзөөгө кеткен 386 млн. доллар каражатты териштирүү боюнча маалымат угулууда. Барган сайын ал маселе тереңдеп, жаңы дагы ысымдар кошулууда. Анда депутат Каныбек Иманалиевдин да аты аталган. Каныбек Капашович келишимге кол койгонун танган жок. Эмнеге колдогонун түшүндүрдү. Ал төмөнкү ВИДЕОдо.

Эскертек кетсек, Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыкты жана аны оңдоого алынган каражатты депутаттык комиссия иликтеп чыккан. Алардын корутундусунда бул ишке тиешеси бар катары 30дай адамдын аты жарыяланган. Алар: Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев, Жантөрө СатыбалдиевЖоомарт Оторбаев, Ольга Лаврова, Мирлан Байгөнчөков, Темир Сариев, Санжар Муканбетов, Эрлан Абдылдаев. Ошондой эле “Улуттук энергохолдинг”, “Электр станциялары” ишканаларынын жетекчилеринин аты-жөнү айтылган. Бул тизмеге киргендерден “Энергохолдингдин” мурдагы башчысы Айбек Калиев, Жалал-Абаддын экс-мэри Салайдин Авазов, «Электр станцияларынын» башчысы жана орун басарлары, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.