“Карыздан кутулуу үчүн светтин баасын көтөрүү керек” дейт го башпрокурор. А сиз буга макулсузбу?

“Карыздан кутулуу үчүн светтин баасын көтөрүү керек” дейт го башпрокурор. А сиз буга макулсузбу?

Чыры менен ыры көп чуулгандуу ЖЭБ (Бишкек Жылуулук электр борбору) маселеси бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында каралды. Парламент ЖЭБ боюнча Өкмөт өкүлдөрүнүн, башпрокурордун маалыматын укту. Анда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов да ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иши жөнүндө маалымат берди. Маалымат ичинде карыздан кутулуу үчүн электр энергиясынын баасы көтөрүлүшү керектиги да айтылды. “Карызга алынган 386 млн. доллардын натыйжалуу пайдаланышы жана өзүн акташы маселе болуп турат. Анткени ЖЭБде өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк наркы эки сом токсон тыйын. Ал эми сатуу наркы жетимиш тыйын. Демек, карыздан кутулуш үчүн электр энергиясынын баасын көтөрүш керек болот”,- дейт башкы прокурор.

Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов да мамкарызды эл төлөөрүн тартынбай туруп айтты. Аны ВИДЕОдон көрүңүз!

ЖЭБ боюнча камактагылардын мүлкү оозду ачырды…

ЖЭБде болгон авариянын себептеринин оңдоого кеткен 386 миллион доллар кайда, аны ким “жеп” кеткени боюнча иликтөө дагы деле жүрүп жатат. Ал боюнча айыпталгандардын мал-мүлкүнүн суммасы 413 миллион 885 миң 392 сомду түзгөн. Бул боюнча маалыматты башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жыйында айтып, оозду ачырды. Мына, караңыз!

Сапар Исаков — 1 миллион 801 миң 833 сом;

Жантөрө Сатыбалдиев — 44 миллион 394 594 сом;

Осмонбек Артыкбаев — 259 миллион 953 миң 278 сом;

Айбек Калиев — 19 миллион 573 миң 310 сом;

Салайдин Авазов — 67 миллион 846 миң 570 сом;

Жолдошбек Назаров — 1 миллион 782 миң сом;

TBEA компаниясынын өкүлү Мусажан Макелек — 18 миллион 537 миң 200 сом.

Мындан сырткары, баш прокурор мурдагы каржы министри Ольга Лавровага

тийиштүү мүлктөр конфискацияланганын, тергөө иштери жүрүп жатканын айтты.

Мына, мамчиновниктер ушуларды айтып жатып да, «карызды эл төлөйт» деп жатат. Сиз, Кытайдан алган мамлекеттин карызынан кутулуу үчүн акча төлөөгө макулсузбу? Светтин баасы көтөрүлүшүн каалайсызбы, ага даярсызбы?

Депутат Каныбек Иманалиев ЖЭБ боюнча өзүнө коюлган дооматтарга жооп берген ВИДЕОну бу жердеги ШИЛТЕМЕден көрсөңүз болот!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.