Махабат жалтак кылат баатырларды, Махабат дудук кылат акындарды…

Махабат жалтак кылат баатырларды, Махабат дудук кылат акындарды…

Деп Кыргыз эл акыны Жалил Садыков атабыз жазгандай, арзууда адамзат алсыз. Муну неге жазып жатабыз? Себеби, бүгүн – Ашыктар күнү, “14-февраль — Ыйык Валентин күнү” деп дүйнө жүзү белгилеген махабат майрамы. Ал Кыргызстанга Батыш Европадан 90-жылдын башында келген. Бул күнү бардык ЖОЖдордо, мектептерде, жадагалса жатаканаларда үкөкчө илинип, ага арзуу каттары түшөт. Ал эми сүйүшкөндөр ресторан, кафеге отуруп, шампан аттырып, бири-бирине жылуу сөздөрдү айтып, жүрөкчө открытка, конфет, гүл белек кылат. Албетте, бул күндүн тарыхын билип да, билбей да майрамдаган жаштар бар. Ошон үчүн учкай тарыхын айтып коелу…

«Валентин» тарыхы…

Ыйык Валентин күнү ХVIII кылым мурун Рим императору Клавдий II башкарган мезгилде пайда болгон. Ал жоокерлердин үйлөнүүсүнө тыюу салган. Анын мыйзамына каршы чыгып, жашыруун жаштарды үйлөнтүп турган христиан кечили Валентин болгон. Бирок ал тез эле камакка алынат. Камакта отурганда түрмөчүнүн азиз кызын сүйүп калат. Валентин дарыгерлик купуя сезими менен кызды оорудан айыктырып алат. Кыз да Валентинди сүйүп калат. Бирок экөөнүн сүйүүсү өтө кыска болот. Себеби, 14-февралда өлүм жазасы ишке ашырылат… 496-жылы Рим папасы Геласиус «14-февраль — Ыйык Валентин күнү» деп жарыя кылгандан бери мезгилдерди карытып, сүйүшкөндөрдүн эң бактылуу күнү деп эсептелип келет…

Кайсы коңшу мамлекетте бул майрамга тыюу салынган?

Мындан алты жыл мурда, Өзбекстанда, бүгүнкү күндү майрамдоого тыюу салынган. Андагы президент Ислам Каримов бул майрам улуттук нарк-насилдерге туура келбестигин баса белгилеп айтып, мектепте, ЖОЖдо “сүйүшкөндөр күнүн” белгилеген жаштар катуу жазаланарын эскерткен. Анын ордуна ойчул, акын жана кол башчы Захриддин Мухаммед Бабурдун туулган күнүнө арналган иш-чара өткөрүүнү буйруган. Ошондон бери өзбек жаштары жылда “Babur day” акциясын өткөрүп, майрамдап келет.

Ал эми Казакстанчы? Алар бул күндү бүгүн эмес, апрелде, “Сүйүшкөндөр күнү” деп белгилешет. Эмнеге андай болгонун, казак туугандар Батыштын майрамына таасирленбей, 14-февралда ыйык Валентин күнү катары белгилебей, улуттук күндү ойлоп табуу зарылдыгы болгону менен түшүндүрүп келет. Казактардын журналисттеринин жазганына таянсак, 2011-жылдан бери “Ашыктык күнү” 15-апрелде белгиленет. Алардын айтымында,1999-жылы Дархан Миңбай аттуу адам (Түштүк Казакстан облусунда) жаштарды, окуу жайларды жана маалымат каражаттарын чакырып, 15-апрель күнүн — “Ашыктык күнү” катары белгилейли деген демилге көтөргөн экен. Ошондон улам, ушул күнү майдашат экен. Албетте, каршы болгондор болду, бирок, президент Н.Назарбаевдин бир сөзү казактар үчүн мыйзам. Мыйзамга баш ийген жаштар апрелде майрамдап, Дархан Миңбай деген ким болгонун мугалимдерден сурап, тарыхый адамын даңазалап келет.

А Кыргызстанда кандай майрамдалат?

Бизде бул майрам өркүндөп кеткен. Белгилеп келатканыбызга 29 жыл болду. Ошондон бери “Махабат майрамы” деп ырчыларыбыз концерт берип келет. Кафе-ресторанда орун жок. Албетте, диний ишмерлер жана айрым жарандык активисттер бул датаны белгилебөөгө чакырык таштап, канча жылдан бери күрөшүп келген жана күрөшүүдө… Ошондон улам, ар кайсы кесиптеги инсандарга ар кандай суроо узаттык. Алгач соболду К.Карасаев атындагы БГУ саясат таануу жана укук дисциплиналары кафедрасынын башчысы, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Бактыбек Тураровичке узаттык. 

 Ар кимге ар собол

Бактыбек СЕЙИТБАЕВ, доцент: “Мен “хеллоуин” сыяктууга каршымын”

Бүгүн ЖОЖдорго кутуча илинип, ага арзуу каттары түшүүдө. Ушул күнү студенттер бир башкача маанайда болот эмеспи. Алардын маанайын байкап жатсаңыз керек? Кечирип коюңуз, студент кыздарыңыздан тоголок кат алган жок белеңиз?

-Батыш Европадан Кыргызстанга Валентин майрамынын келгенине 29 жыл болуптур. Ушул жыл аралыгында бир дагы жолу бирөөдөн кат алган жокмун. Негизинен бул майрамга каршы деле эмесмин, “хеллоуин” сыяктууга каршымын. Ал эми майрамдык маанай боюнча айта турган болсом, бул күнү студенттердин, дегеле жаштардын маанайы көтөрүңкү экени байкалып турат. Анткени сүйүү сезими ар бир адамда болот да. Дегеле майрамдар боюнча жалпылап айта турган болсом, майрам жакшы нерсе, а бирок ага экономикалык жактан көп чыгым жумшалат. Майрам деп өтө эле ашыкча ысырапкорчулук болуп жатканы жакшы көрүнүш эмес, туура эмес деп ойлойм. Себеби, азыркы экономикалык кризис учурунда мындай майрамдарга жумшалган каражаттар үй-бүлөгө, ата-энеге оорчулук алып келүүдө. Анткени студенттер акчаны ата-энеден алат да. А мындай нерсеге “Пир во время чумы” деген сөз ылайык келет. Дагы бир баса белгилей кетчү нерсе, баш кошуу. Көпчүлүк ата-эне баласын үйлөнтүп, тойду дүңгүрөтүп өткөрүү үчүн банктан олчойгон кредит алат. Жыйынтыгын көрүп атасыңар, төлөөргө келгенде уруш-талаш, ызы-чуу… Ушундай көрүнүштүн азабынан жаңы эле турмуш курган эки жаш ажырашууга туш болууда…

Байма СУТЕНОВА, профессор: “Сырттан келген көңүл ачуу”

-Бүгүнкү майрамдын тарыхын билбей майрамдап жаткан жаштар бара-бара түшүнөт деп ойлойсузбу?

-Азыр жаштар бүгүнкү майрамды мода катары карап жатат окшойт, кийин өздөрү муну жерип калышат. Бул бир. Экинчиден, Валентин деген майрам бизге байланыштуу майрам эмес. Бул сырттан келген көңүл ачууга байланышкан жоромол, андыктан кыргыз маданиятынын кыртышына сиңбейт. Буга чейин кыргыздар христиандардын майрамына көңүл кош карап жүрүп эле анан протестанттардын майрамын белгилемек беле?!

Абдувахаб МОНИЕВ, эркин журналист: «Жайылганды тыюу кыйын»

— Бул майрамга мурунку муун да, дин да каршы. Сизчи?

— Мен калысмын. Ар бир доордун өзүнүн заманы болот. Ошол мезгил менен жашаш керек. Бул майрамга каршы болуунун кереги жок, себеби, бул тамырлашып кетти. Тамыр алып, жайылып кеткен нерсени тыюу өтө кыйын. Мугалимдер өздөрү мектепке, жогорку окуу жайларга кутуча коюп колдоп жатпайбы. Бир чети туура эле го деп ойлойм. Себеби, бала жашыруун бир нерсе кылгандан көрө ачык кылганы жакшы да. Анын үстүнө тартынчаак балдар үчүн эң ыңгайлуу күн.

Айчүрөк ИСМАНОВА, мектеп директору: “Биздин мектепте майрамдалбайт”

-Бүгүнкү Валентин майрамында мектебиңиздерге үкөкчө илиндиби жана бу күндү окуучулар кандай майрамдашат? А сиздерчи, мугалимдер бу майрамга маани бересиздерби?

-Биздин мектеп, мугалимдер бул майрамга көңүл бурбайбыз. Анткени биздин менталитетке туура келбеген майрам. Анын үстүнө Валентин майрамынын өзүнүн ньюанстары бар. Чынын айтканда, он жыл мурда бул майрамда мектепке үкөкчө илип, өткөргөнбүз. Ага байкоо жүргүзсөм, бирөөгө кат жазылат, бирөөгө жазылбайт экен. Кат албагандардын маанайын көрүп калып туура эместигин байкадым. Дегеле мага бул майрам жакпайт, себеби, тарбия-таалимге туура келбейт. Ошондон улам, бул майрамга биздин мектеп көңүл бурбай, өткөрбөй келатканыбызга көп жыл болду. Балким окуучулар сабактан чыккандан кийин, өз алдынча бири-бирин куттуктап, белек-бечкек беришеттир. Мектептин ичинен андайды байкаган жокмун. Биздин балдар мындай тартипке көнүп калышкан.

Эшенкул БАРПИЕВ, тамада: “Валентин” майрамына каршымын”

-Махабат майрамына каршысызбы же колдойсузбу?

— Мен ачыгын айтайын, каршымын. Себеби, биз батыштын майрамына таасирленбешибиз керек. Бирок, тарыхын билип койсо болот. Бул майрам биздин салт-санаага туура келбейт. Мисалы, мен “Ак калпак”, “Элечек” күнүн майрам деп эсептейм. Анткени, анда улуттук баалуулук бар. Улуттук баш кийимибиздин тарыхын биле жүрүү жана аны урматтоо жакшы жышаан жана жакшы көрүнүш. Ушунун учугун узартып, муундан муунга өткөрүп берүү биздин милдет.

Салима БАЛТАЕВА, ырчы: “Мен үчүн жөнөкөй күн”

-Бүгүнкү күн сиз үчүн кандай күн?

— Мен үчүн жөнөкөй эле күн. Бүгүнкү күн жаштар үчүн өзгөчө бир күндүр. Анткени аларга баары кызык эмеспи. Жыл сайын ушул күндү сүйүү күнү деп сезимге бөлөнүп, толкунданып майрамдашат. Убагы келгенде жаштар да түшүнүп, жөнөкөй күн катары кабыл алышаар.

Шайыр АБДЫРАХМАНОВ, КТРК жетекчисинин орун басары:

“Валентин деген мага чоочун”

-Валентин майрамы сизге жатпы же жакынбы?

-Мен бала кезде кайсыл майрамдарды майрамдасам, ошолорду майрамдайм жана ал менин жандүйнөмө жакын. Ал эми бүгүнкү жаштар майрамдап жаткан “Валентин күнү” деген негедир мага чоочун. Ушул жерден бир нерсени баса белгилегим келип турат. Негизи адамдар ар күнү майрамдаса болот, эгерде мыйзам бузбаса, бирөөгө жамандыгын жана өзүнө залакасын тийгизбесе… Ошол сыңары, бүгүн жаштар да ушуну эске алып, анан майрамдашса…

Назира БЕГИМ, журналист: “Бул кыргыздын майрамы эмес»

— Бүгүнкү майрамдын түпкү максаты эмнеде деп ойлойсуз?

— Биринчиден, бүгүн жаштар белгилеп жаткан Валентин күн деген кыргыздардын майрамы эмес. Бул жаңылыштык. Муну мен батыштан келген идеологиялардын бири деп эсептейм. Себеби, Союз тарап, Эгемендүүлүк алган мамлекеттерде ар кандай майрамдар көбөйүп, түрлүү иш-чаралар көбөйүп кетпедиби.  Экинчиден, майрам деген иш-чаралардын түпкү максаты башка, тагырагы улуттук баалуулуктарды жок кылуу. Ошол сыңары, бүгүнкү майрам деле ошондой идеологиялардын бири. Кыргыздын каада-салтына туура келбегендиктен, мен майрамдабайм жана каршымын!

Сүйүү тамчылары…

Кандай болгон күндө да, бул күнү көпчүлүк ашыктык ырларды социалдык түйүндөргө коюп, кызуу талкуулашат. Сүйүүдөн турмуш курулат да.

Биз дагы ааламга таанымал атактуу акындардын сүйүү тамчыларын тамчылаттык. Анда эмесе, сүйүү кемесине кеттик.

Ашыктык жайын биле албайт,
Албырып отко күйбөгөн.
Жар кадырын биле албайт,
Жаш кезинде үйлөнгөн.
Жеңижок

Сүйүү деген — сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген — от чачышуу жүрөктөн.
Алыкул Осмонов

Сүйүүнү сүйө билсе сыры терең,
Баш ийбейт атак-даңкка сүйүү деген.
Мидин Алыбаев
…Балким, сүйүү деген адамдын бардык сын сыпаты толуп, аң-сезиминин эң бир жетилип турган курагы чыгар?
Ооба, жашоонун так ошол жаркыраган курагында, төкмө акынга шык келген өңдүү, адамга сүйүү келип, ага дем берип, жаңы багытын издеп, умтула тургандыр? Мүмкүн ашыктын касиети так ушунда чыгар?

Чыңгыз Айтматов

Аялымды кетирип кыйнабай, жашап кыйнадым.
Рамис Рыскулов

Чыныгы сүйүү сүйлөй албайт, анткени чыныгы сезим сөз менен эмес, иш менен айтылат.

В.Шекспир
Сүйүү өлүмдөн да, жана өлүм коркунучунан да күчтүү. Ошону менен, сүйүү менен гана жашоо кармалып турат жана кыймылдап турат.

И.Тургенев

«Жубайлардын сүйүүсү адам тукумун жаратат, достордун сүйүүсү аны улантат, жолбун сүйүү болсо аларга жолтоо болот, наркына шек келтирет».

Бэкон

Өмүр гүл, сүйүү — гүлдөн чыккан бал. Балды татууга болот, ал эми ага чөмүлүүгө болбойт.

В. Гюго
Сүйүүнү болгон жерден жашыра албайсың да,
жок жерден чыгара албайсың.
Ф.Ларошфуко
Сүйүү — акмакты адам, жаманды жакшы, бактысызды бактылуу кылат.
Л.Толстой
Аял менен эркек — турмуштун эки түрдүү нотасы. Ансыз адам баласынын жандүйнөсүнүн кылдары туура чертилип, күүгө келбейт.
Ж. Мадзини
Сүйүү — от, алоолонуп күчөйт жалын,
Тапканда дал өзүндөй сүйгөн жарын.
Ж.Мольер
Чыныгы сүйүү — бардык кыйынчылыкты көтөрүүгө көмөктөш болот.
Ф.Шиллер
Сүйүү-дүйнөнүн негизин курат,
Дүйнөгө жаңы келгендер аны,
Эскирген сайын жаңыртып турат…
Ж.Байрон

Атактуудан анекдот

Бир жаш жигит Сократка кайрылыптыр:
— Кеменгер Сократ, кеңеш бериңизчи, үйлөнсөмбү же үйлөнбөй эле койсомбу?
— Үйлөнбөй койсоң деле болот. Бирок үйлөнүү да керек чыгар. Эгерде, колуктуң ойдогудай чыкса — бактылуу болосуң. А эгер андай болбой калса… философ болосуң…- деп жооп бериптир Сократ.

 

Даярдагандар Эрзат МЫРЗА, Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.