Гүлзат Мамытбек кызы мурдагы жолдошу менен каерден, кандай жагдайда таанышканын айтып берди

Гүлзат Мамытбек кызы мурдагы жолдошу менен каерден, кандай жагдайда таанышканын айтып берди

Гүлзат Мамытбек кызы мурунку жолдошу менен ажырашып, соттошуп, балдарым талашып жаткандан бери кайрадан коомчулуктун көңүл борборунда, кызуу талкуунун чордонунда. Социалдык тармактардан түшпөгөн, ар дайым позитивде жүргөн Гүлзат айым менен баарлашуу 14-февралга туш болду. Ошондон улам, маегибиз сүйүү темасынан башталды.

-Гүлзат, маегибиз Махабат майрамына туш болуптур. Бирок, бул бизге тиешеси жок болгону менен майрамдалып келет. Сен дагы майрамдасаң керек? Сен үчүн бул күн кандай күн?

— (Күлүп) Ыйык Валентин күнүн буга чейин майрамдап, сонун белектерди алып келгем жана жакындарыма белек бергем. Махабат майрамы мен үчүн жакшы күн. Себеби, Сүйүү күнү. Албетте, кыргыздын менталитетине туура келбейт, эми шылтоо менен майрамдап атабыз да. Негизи сүйүү күнү бир күн менен эле чектелбестен, күнүгө болуп турушун каалайм. Себеби, бизге ушундай махабатты тартуулап, жакшы жагдай түзүп, ар кайсы жаман нерседен сактап, куткарып турган – Кудай. Кудай берген касиетти туура пайдаланып, бири-бирибизди сүйүп, урматтап турсак эле бейиш ушул жерден башталат.

— Сүйүү күнүндө ар ким алгачкы арзуусун эстейт. Сенин да алгачкы махабатың мурунку жолдошуң да. Балдарыңдын атасы менен каерден, кандай жагдайда таанышып калдың эле?

— Ооба, ал киши менин биринчи махабатым болчу. Аны менен мектептен таанышкам. Анда мен 11-класста окуп жаткам. Ал менден алты жаш улуу. Экөөбүз жарым жылдай сүйлөшүп жүрдүк. Анан эле экөөбүз эки жакка кеттик. Мен ошондо эле бул киши менен чогуу кадам таштай албасымды түшүнсөм керек. Анан эле кайра эмне болуп адашып кеттим билбейм. 2009-жылы бул кишиге турмушка чыккам. Ага чейинкини эстесем, мен 2006-жылы High Time аттуу тил мектебин жетектегем. Ар кайсы облуска, Казакстанга чейин, жалпысынан он офис ачкам. Эки фирмам бар эле. Эки машиналуу болгом. Жип минип жүрчүмүн. Дүңгүрөп бараткам. Ал ийгилигиме кубангам апам мени күйөөгө тийбей калабы деп чочуладыбы, айтор, “кызым, 27 жашка чыктың, турмушка чык, балалуу бол!”,- деп шаштыра баштады. Анан ойлодум, кимге турмушка чыгам? Ал үчүн мен бирөөнү сүйүшүм керек да деп отуруп Талантты эстедим. Анткени ал менин алгачкы сүйүүм болчу. Дал ошол учурда ал аялы менен ажырашып жатыптыр. Жолугууга келгенде эле аялын жамандап баштады, “ал арак ичет” деп. Ошондо эле анын кандай экенин билсем болмок экен. Жашмын да. Эми мага жолугууга келгенде эскилиги жеткен машина айдап, өзү да жүдөө келген: башында эски кепка, үстүндө жыртык футболка, бутунда үзүлгөн шлепка. Көрсө, Россияда иштеп, иши жүрбөй, кор болуп келген экен. Анан анын жагдайын апама айттым, “ушундай кишиге тийемби?”,- деп. “Сенин колуңдан баары келет, бизди да айылдан алып келип, турмушубузду оңдодуң. Эми өзүңдүн да турмушуңду оңдоп кетээриңе көзүм жетет”,- деп ага турмушка чыгышыма шыкактап туруп алды. Жети жыл жашап, аябай кыйналдым. Депрессияга түштүм. Чөнтөктө сокур тыйын жок.

Ушундай турмушка туш болгонуңа апаңды күнөөлөйсүңбү?

— Жок, апамды күнөөлөй албайм. Арты ушундай болоорун апам деле билген эмес да. Кайсы эне балага жамандык кааласын. Бирок, баланын бактысына ата-эне, бир тууган кийлигишкен туура эмес. Ар бир адам өз бактысын өзү чечип, болочок жолдошун өзү тандап алышы керек.

Негизи жашообуз жакшы болгон жок. Экөөбүздүн уруш-талаш башында эле башталган. Эч жеримди сындырган жок, бирок, денемди көгала кылды. Негизи мыкаачы киши. Биринчи аялын да балдарынын көзүнчө сабап, тишин күүп, колун сындырган.

— “Эркектер алганча, алгандан кийин башкача” деген ушу турбайбы” деген турбайсыңбы анда. “Аял киши тилинен табат, эркек чыдабай чабат” деген да макал бар го…

— Суроонун түпкүрүн түшүндүм. Эми мен тилимден таба турган адам эмесмин. Акылдуу, эстүү, сонун аялмын, кыргыздын сүйүктүү кызымын. Ошон үчүн мени бүткүл аалам, Кыргызстан муюп угуп жатат да. Себеби, мен аларга дем-күч берем. Өзүм да күч топтодум. Мен азыр такыр башка адаммын. Кудай берген касиетимди элге тартуулап, миссиямды аткарып жатам. Жашагым келбей, жашоону кечип кетчү күндөр артта калды. “Мен баягы калыбыма келем” деп кайрадан окуп, өзүмдү жакшы жакка үндөй баштадым.

-Саентологияны окуй баштадың да? Латын тилинен бизге которгондо “билимди үйрөнүү” дегенди билдирет. Бирок, ал эки агымга: Саентология чиркөөсү жана Эркин аймак болуп бөлүнөт эмеспи. Сен кайсынысындасың?

— Ооба, саентология латын тилинен «билимди үйрөнүү» (Знание знания) дегенди түшүндүрөт. Илим, билимди үйрөтөт, туура жолго салат. Бул жерден мен көп нерсени окуп, үйрөндүм. Негизи адам баласынын денеси үч нерседен турат: дене, рух, аң-сезим. Денени изилдеген илим бул — медицина. Аң-сезимди изилдеген илим — психология. Ал эми рухту изилдеген илим — саентология. Ар бир динди сыйлаган, руханий байлыкты өстүргөн илим. Психология жана саентология илиминде, бул дүйнөдөгү адамдын 20 проценти “невротик-психотик” болот экен.   “Невротик” адамды ылдый тартканга аракет кылат, элди бири-бири менен уруштуруп, маанайды чөктүрүп салат. Ичи таза эмес, кара ниет адам да. Турмушта ушундай кишиге туш келип калганым дагы Кудайдын сыноосу болду окшойт. Азыр мен негативден арылып, позитивге өткөн адаммын. Адамдарга жакшы маанай тартуулайм. Кудайдын мага койгон миссиясын аткарып жатам. (Күлүп) Азыр мага көп адамдар кайрылат, “мени саздан сууруп чыгыңызчы”, же “мени популярдуу кылыңызчы, төлөп берем”, — дегендер да болот. Саентология десе эле, кайсы бир секта, чиркөөгө барып чокунат деп түшүнбөш керек. Мен чокунбайм, саентолог-мусулманмын.

— Мурунку жолдошуң: “мени укпай, Америкага кетип калды, 5 айлык эмчектеги баланы таштап. Бул сектада жүрөт. Ичине чоң жин кирип алган”,- деп ачууланып жатат го. Балким, турмуштун урашына дал ушул саентология күнөөлүү болуп жүрбөсүн…

— Эми бир киши “секта” деп койсо эле секта болуп калбайт да. Бул илимди жогоруда айтып өттүм. Ал киши айткандай 5 айлык эмес, 7 айлык, отуруп, эмгектеп калган кызымды бала баккан аялга эмес, өзүмдүн апама 23 күнгө таштап кеткем. Бардыгын камдап, алып берип, “бизнесмендерге котормочу болуп баратам” деп айтып кеткем. “Англисче жакшы билесиң, котормочу болуп барып келчи”, — деген чакыруу түшкөн. Жаткан жер, тамак-аш бекер, болгону жолкиреге (билетиңе) 2 миң доллар тап”,-дешкен. Билеттен тышкары мага 6 миң доллар кетмек экен. Бекер болду да. Ал жактан мен котормочу эле болбой, өзүм да окуп, жакшы маанайда келдим.

— Ата-эненин ажырашуусу балдарга катуу тийип, психологиясы бузулат эмеспи. Балдарыңардын кабыл алуусу кандай болууда?

— Улуу кызым 9да, баарын түшүнүп калды. Жакшы жакка өзгөргөнүмдү кыздарым айтып жатат. Улуу кызым: “атамды көрүп алып турмушка чыккым келбей калган. Азыр сизди көрүп, турмуш кургум келип калды”,-деди. Уулум 6 жашта. Кичүү кызым 3 жашта. Балдарымдын атасы үйлөнгөн. Аялы экөөнө балдарым үчүн заңгыраган үйдү таштагам. Атам алып берген жерге үйдү экөөбүз курганбыз.

— Дегеле сынды кабыл алууң кандай? Сен жөнүндө ар кандай сөздөр жазылууда: бири “нерви бузулуп калган кыз” десе, экинчиси: “ушундай акыбалга күйөөсү жеткирген”, — деген сыяктуу комментарийлер жазылууда. Буга эмне дээр элең?

— Мен сындан коркпойм. Комментарийлерди окубайм, аны окуганга убактым да жок. Азыркы менин максатым – балдарымдын жанында болуу, алардын бактысы үчүн күрөшөм, жеңем, жеңиш мен жакта болооруна көзүм жетет. Кудай мени колдойт.

Маектеш жөнүндө маалымат:

Гүлзат Мамытбек кызы деп атасынын атына өткөнүнө бир жыл болду. Мурдагы фамилиясы — Алымкулова. Ал Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айылында төрөлгөн. Үч баланын энеси. Былтыр, жыл жаңыраардын алдында кайрадан турмуш туткасын кармаган. 26-декабрда, Хуан Буэндиа аттуу 35 жаштагы испанец менен кол кармашкан. Өзүнүн айтымында, молдону ээрчитип барып нике кыйдырган. Жолдошунун кесиби режиссер, Ал азыр Эквадордо. Ырчы атыккан Гүлзат жакында Баткенге концерт коюп, семинар өткөрүүгө барат.

Уккан эмесмин, көргөн эмесмин десеңиз, ыры менен клип..

Саентология деген эмне?

Саентология латын тилинен биздин тилге которгондо «билимди үйрөнүү» (Знание знания) дегенди түшүндүрөт. Саентология: Саентология чиркөөсү жана Эркин аймак болуп эки агымга бөлүнөт. Эркин аймак 80-жылдын башында Саентология чиркөөсүнөн бөлүнүп кеткен. Саентология чиркөөсү 1954-жылы 18-февралда америкалык фантаст-жазуучу Рон Хаббард тарабынан Лос-Анжелесте негизделген. Ал диний идеяга жана ийгиликке жетүүнү эңсеген кишилерге багытталган.

Кыргызстанда качан пайда болгон?

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына таянсак, Кыргызстанда Саентология чиркөөсү 2001-жылы 31-январда диний уюм катары каттоодон өткөн. Бирок алар мистикалык  жолугушууларды, сеанстарды лицензия албай эле жүргүзгөндүктөн каттоо күбөлүгүнөн айрылган, тагырагы, 2012-жылы аталган комиссия кайтарып алган. 2014-жылы чиркөө өзүн-өзү жойгон.

Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.