Кенжебек БОКОЕВ: «Үй-бүлөнү чыңдоого аялзатынын салымы чексиз»

Кенжебек БОКОЕВ: «Үй-бүлөнү чыңдоого аялзатынын салымы чексиз»

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев айымдарды жаз майрамы менен куттуктады. 

Урматтуу айымдар! Сиздерди 8-март —  Аялдардын Эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм. Жаратканыбыз Сиздерге дүйнөнү көрккө бөлөгөн, турмушубуздун маани-мазмунун арттырган, сүйүүнүн жана боорукерликтин улуу күчүн ыйгарган экен. Эң негизгиси, эч нерсеге теңдешсиз эне мээримин бойго сиңириптир. Аялзатынын үй-бүлөнү чыңдоого жана бала тарбиялоого, руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоого кошкон салымы чексиз экенин билебиз. Сиздердин колдооңуздардын аркасы менен өлкөбүздө жакшы саамалыктар жаралып, ар бир үй-бүлөгө бакыт кушу коноору талашсыз.
Сиздердин жүрөгүңүздөрдөн чыккан жылуулук жана камкордук турмуштун оор жагдайларында күчүңө күч, демиңе дем кошуп, үмүт билигин узартып, келечекке ишенимиңди арттырат. Жаздын алгачкы күнү менен келген бул майрамда Сиздерге бакыт- таалай, чың ден-соолук, узун өмүр каалайм. Үй-бүлөңүздөр, эл-жериңиздер менен  аман-эсенчиликте бактылуу өмүр сүрүңүздөр. Майрамыңыздар куттуу болсун!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.