Депутат кыргыз-тажик чек арасындагы чатак боюнча элди тынчтыкка чакырды

Депутат кыргыз-тажик чек арасындагы чатак боюнча элди тынчтыкка чакырды

Президенттер телефондо эмне деп сүйлөштү?

Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда кечээ (13-мартта) чатак чыгып, ок атылып жабыркагандар болгон. Бул маселе боюнча эки өлкөнүн башчылары бүгүн сүйлөштү.  Тагырагы, президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арадагы абалды талкуулады. Президенттин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, эки өлкөнүн президенттери объективдүү иликтөө жүргүзүү жана келечекте мындай абалга жол бербеш үчүн биргелешкен комиссия түзүү, мамлекеттик чек араны делимитация процессин аяктоо боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештирүү зарыл экенин белгилеп, кылымдардан берки жылуу коңшулаш мамиледеги эки өлкөнүн эли тынчтыкта жана достукта гана жашашы керектигин баса белгилешкен.

Ок кай тараптан чыккан?

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында ок атылганы тууралуу «Азаттыктын» Баткендеги кабарчысы Жеңиш Айдаров билдирген. Анын айтымында, октор Тажикстандын Ворух анклавы тараптан атылып, бир милиция кызматкери жабыр тартып, ал ооруканага жеткирилген. Бул боюнча ИИМ да тастыктап, билдирүү тараткан. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова милиция кызматкерине ок тажик тараптан атылганын кабарлаган. “​Баткен районунун Ак-Сай айылында Ворух айылы менен чек ара тилкесинде кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда кайрадан пикир келишпестик чыгып, бири-бирин таштар менен ургулай башташкан. Коомдук коопсуздукту сактап турган милиция кызматкерлерине Тажикстан Республикасынын күч органдары тарабынан ок атылып, анын натыйжасында Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкеринин оң бутуна белгисиз куралдан атылган ок тийген. Оор абалдагы милиция кызматкери Баткен облустук борборлоштурулган”.

Чыр эмнеден башталган?

Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда 13-март күнү саат 15:30дар чамасында чатак чыккан. Ага Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылык билдиргени себеп болгон жана кыргызстандык 50дөй, тажик тараптан 70тей тургун чогулуп, бири-бирине таш ыргыткан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары токтотушкан.

Тажикстан тарап эмне дейт?

Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин башкы башкармалыгы «Азаттыктын» тажик кызматына маалымат берип, 43 жаштагы Хусейн Хакимов аттуу тажик жараны каза болгонун билдирген. Ал эми Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы болсо Тажикстанда каза болгон адам тууралуу тажик чек ара мекемесинен расмий билдирүү келе элек экенин билдирди.

“Твиттерден” тынчсызданган депутат

ЖК депутаты Алтынбек Сулайманов “Твиттерге” мындай деп жазды: «Кыргыз-тажик чек арасында абал курч бойдон калууда. Азыр ачууга алдырбай, чырды тынчтык жолу менен чечүү зарыл болуп турат. Коңшулар менен достук мамилени сактап, провокацияга алдырбайлы, туугандар«.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.