Нурсултан НАЗАРБАЕВ: “Мен бүгүнтөн баштап бийликтен кеттим” (ВИДЕО)

Нурсултан НАЗАРБАЕВ: “Мен бүгүнтөн баштап бийликтен кеттим” (ВИДЕО)

Бул тууралуу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өзү билдирди. Тагырагы, ал бүгүн кечки саат 7де мамлекеттик телеканал аркылуу элге кайрылып, шайлоодо ишеним көрсөткөн калкына алкыш айтты. Ал «Нур Отан» партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон кала берерин билдирди. Ал бүгүнтөн баштап бийлик ыйгарым укуктарын токтотконун жарыялап, президенттин милдетин сенаттын төрагасы Касым-Жоомарт Токаев убактылуу аткарып турарын билдирди. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүп, өз кулагыңыз менен угуңуз!

Эскерте кетсек, 79 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1989-жылдын 24-апрелинен бери (40 жыл) башкарып келген.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.