Текебаев, Чотоновду чыгаруу боюнча митинг болот. Келиңиз!

Текебаев, Чотоновду чыгаруу боюнча митинг болот. Келиңиз!

23-апрелде, саат 10:00до “Ата Мекен” партиясы Жогорку соттун алдында тынчтык митингин өткөрөт. Анда аталган партиянын лидери Өмүрбек Текебаев менен партиянын мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо талаптары коюлат. Митингге партиянын бардык мүчөлөрү, «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары, көрүнүктүү коомдук ишмерлер, саясатчылар катышат.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран, шылуун Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга кесилген. Атамбаев бийликтен кеткенден кийин, жаңы президент Сооронбай Жээнбековдон партиялаштары, тарапташтары алардын ак экенин, жалган жалаа менен отурганын, сот туура эмес чечим чыгарганы тууралуу айтып да, жазып да келишет. Мына дагы ошондой талап менен 6-күнү тынчтык митингин өткөрүшөт. Кайдагы бир шылуундун жалган жалаасы, андагы президент Алмазбек Атамбаевдин “буйругу” менен отурганын баарыбыз эле билебиз. Кайдыгер карабаңыз кыргыз элим, келиңиз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.