Белгилүү актер Сатылган Сазаев каза болду

Белгилүү актер Сатылган Сазаев каза болду

Муса Жангазиев атындагы куурчак театрынын мурдагы жетекчиси, КРнын эмгек сиңирген артисти, белгилүү актер Сатылган Сазаев узак оорудан (боор циррозу менен ооруп жүргөн) улам дүйнө салды. Ал Т.Абдумомунов атындагы академиялык драма театрда өмүрүнүн акырына чейин эмгектенди. Маркумдун сөөгү бүгүн жерге берилет, коштошуу зыйнаты Көк Жар айылында болот. Ал Талас облусунун Талас районуна караштуу Арал айылында туулуп-өскөн. 57 жашта гана болчу.

Маркумдун жубайына, балдарына, бир туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын бөлүшөбүз.  Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.