Даир КЕНЕКЕЕВ: “Жаңы башаттын башталышы — Нооруз майрамыңыздар кут болсун!”

Даир КЕНЕКЕЕВ: “Жаңы башаттын башталышы — Нооруз майрамыңыздар кут болсун!”

Мамлекеттик “Учкун” акционердик коомунун жетекчиси Даир Кенекеев кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

Урматтуу калайык калкым! Урматтуу агайын-туугандар!
Сиздердин бардыгыңыздарды жадыраган жаздын, көктөмдүн, аруулуктун жана тазалыктын символу болгон Чыгыш элинин жаңы жылы – Нооруз майрамыңыздар менен ак дилимден куттуктаймын!
Нооруз — фарс тилинен алганда «Ноу»-жаңы, «руз»-күн — деп айтылат. Ошондуктан кыргыз эли бул майрамды жаңы күн, жаңы жыл майрамы деп майрамдап келишет. Бул майрам күн менен түн теңелип, андан ары күн узарып, түн кыскарарын белгилейт. Илгертен ата-бабаларыбыз караңгы түндү жарык жеңет деп бул күндү жаркын маанай менен тосуп алышкан. Бул күнү адамдар жакшылыкка үмүт кылып, эски таарынычтарын унутуп, бири-бирин сыйлап келишкен.
“Нооруз” жаңы башаттардын башталышы. Анткени жазда өрүкзар гүлү менен кошо жаңы үмүт-тилектер бүчүр ачат. Баарыбыздын алдыга койгон ой-максаттарыбыз орундалып, ишибизди ар дайым ийгиликтер коштоп ж
үрсүн.
Ар бириңиздердин үйүңүздөрдү бакыт кушу уялап, жаш бөбөктөрдүн күлкүсү жаңырып, ырыс-кешикке толуп, жакшылык жылоолоп турсун.
Сиздердин ар бириңиздерге бакубат жашоо каалаймын!
Нооруз майрамыңыздар менен урматтуу замандаштарым
!”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.