Кенжебек БОКОЕВ: “Улустун улуу күнү болгон Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм”

Кенжебек БОКОЕВ: “Улустун улуу күнү болгон Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм”

ЖК депутаты Кенжебек Бокоев кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

Урматтуу Кыргыз Элим!

Сиздерди Улустун улуу күнү болгон Нооруз майрамыңыздар, жаңырган жылыңыздар менен куттуктайм.
Нооруз жылдын жаңырышынын, өз ара түшүнүшүүнүн, кубанычтын, сабырдуулуктун, тазалануунун, мээримдүүлүктүн, терең ишенимдин жана ынтымакты чыңдаган улуу майрам!
Жер жарылып чөп чыгып, жашоонун жаңыча тирилиги башталган бул майрам күндө элибизге ынтымак, жергебизге береке, кут, ар бириңиздердин үй-бүлѳңүздѳргѳ бакты-таалай, бекем ден-соолук каалайм!
Майрамыңыздар куттуу болсун!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.