Бабановдун билдирүүсү: “Жакында көрүшкөнчө…”

Бабановдун билдирүүсү: “Жакында көрүшкөнчө…”

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов ар бир майрамда өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды куттуктап турат. Бул жолу дагы кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктаптыр. Анын аягын: “Жакында көрүшкөнчө” деп бүтүргөн.

Урматтуу Кыргызстандыктар,

Жаңылануу менен тынчтыктын символу болгон Нооруз майрамыбыз менен чын дилимден куттуктайм! Бул биримдиктин жана өнүгүүнүн күнү десем да болот.

Өлкөбүздө ар дайым тынчтык болсун, акыйкаттык менен өзгөрүүлөр коштосун!

Ар бир үйгө бакыт консун! Майрамыбыз кут болсун!

Жакында көрүшкөнчө”,-дейт Өмүрбек Бабанов.

Анын бул билдирүүсүнөн кийин “келет экен” деген сөздөр социалдык тармактарда жазылып жатат. Кандай болгон күндө да өзүбүздүн балабыз, биз дагы Өмүрбек мырзаны майрамы менен куттуктап, Кыргызстанга кайтып келүүсүн каалайбыз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.