Кенжебек БОКОЕВ: “Бабановдун келишине бийлик уруксат берет деп ойлойм”

Кенжебек БОКОЕВ: “Бабановдун келишине бийлик уруксат берет деп ойлойм”

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов кечээ кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап, аягында “жакында көрүшкөнчө” деп койгондон бери ар кандай кептер кетип, келээр-келбеси күмөн жаратты. Бирок, анын Кыргызстанга кайтып келээри аныкталды, бул тууралуу тарапташтары (тагырагы ЖК депутаттары) тастыктады.

Депутаттардын айтымында…

«Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаттары Кенжебек Бокоев, Максат Сабиров, Руслан Казакбаев, Мирлан Жеенчороев Орусияга барып, Өмүрбек Бабанов менен жолугуп келишти. Андан көп өтпөй, кечээ депутат Максат Сабиров Өмүрбек Бабанов бир айдын ичинде келип калышы мүмкүн экендигин “Азаттыкка”: “Өткөндө анын эч кандай күнөөсү жок экенин, саясий куугунтук болгонун ачык эле айтышпадыбы. Ошон үчүн «келем» деп жатат. Биз эми келерин күтөбүз”, — деп билдирди. Ал эми бүгүн депутат Кенжебек Бокоев буларды айтты: «Өмүрбек Бабановго иш козголгондон бери эле бийлик менен сүйлөшүү болуп келатат. Буга чейин Руслан Казакбаев деле «сүйлөшүүлөр болуп, мурунку бийлик «бир жыл өлкөгө келбей турасың» деген шарт койгон» деп айтпады беле. Өмүрбек Бабановдун келишине бийлик каршы эмес деп ойлойм. Бирок толук макулдук беришин биз да күтүп, ошону билдирип жатабыз. Президентке да айттырып, астынан өтүп атабыз. Бийлик уруксатын берет деп ойлойм».

УКМК эмне дейт?

Ал эми УКМК Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келсе эле жоопко тартабыз деп турат. Бул тууралуу УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов ММКга билдирди. Анын айтымында, мыйзам чегинде Бабанов жоопко тартылат.

Бабановдун айыбы эмнеде?

Эскерте кетсек, Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, Сооронбай Жээнбековго утулуп калган. Ошол эле жылы ага «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен иш козголгону айтылган. Башкы прокуратура “эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет” деген негиз менен ага иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген. Мындай айыптоолорду Бабанов четке каккан. Атүгүл, ал депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялап, өлкөдөн чыгып кеткен.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.