Мамлекеттик карызды бөлгөндө ар бир кишиге 600 доллардан тийет экен. Төлөйсүзбү?

Мамлекеттик карызды бөлгөндө ар бир кишиге 600 доллардан тийет экен. Төлөйсүзбү?

Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин жыйынында (20-мартта) финансы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирген. Ошондон бери социалдык түйүндөрдө кызуу талкууда.

Жыйында депутат Аалы Карашев мамлекеттин ички жана тышкы карызына кызыгып, аны ар бир кыргызстандыкка бөлө келгенде канчадан туура келерин сураганда, ал мамлекеттик карызды бөлө келгенде ар бир адамдын башына 600 доллардан туура келээрин билдирди. Аны менен катар Б.Жээнбаева тышкы карыз 3 миллиард 825 миллион доллар, ички карыз 638 миллион сом экенин, учурда Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4,4 миллиард долларды түзөөрүн айтты.

Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттин карызы тууралуу канча сөз болуп, аны ким төлөөрүн чиновниктерден сурашканда, уялбай туруп “эл төлөйт” дешкен. Сөзүбүз куру болбош үчүн бул ВИДЕОну көрүп, өз кулагыңыз менен угуңуз!

Бул качан, каерден айтылганы боюнча бу жердеги ШИЛТЕМЕни окуңуз!

Мына, ушундай окурман. “Аны кылабыз, муну кылабыз” деп эле чет өлкөдөн бийлик карыз алып жатат, же кылган иши көрүнбөйт. Анан эмнеге алардын карызын эл төлөмөк эле? Ансыз деле эл өз киндигин өзү кесип, эптеп жашап жатат. Же сиз мамлекеттин карызын төлөйсүзбү?

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.