Журналисттер Бабырбек Жээнбековдун кандай адам болгонун эскерип, айрымдары кечирим сурады…

Журналисттер Бабырбек Жээнбековдун кандай адам болгонун эскерип, айрымдары кечирим сурады…

Бүгүн белгилүү юрист, журналист, публицист Бабырбек Жээнбековдун сөөгү жерге берилди. Уккандан бери журналисттердин зээни кейип, кабыргасы кайышып, эскерүү жазышууда. Айрымдары кечирим сурашууда. Социалдык тармактарга жазган кесиптештердин эскерүүсүн беребиз жана дагы эле эскеребиз. Бабырбек Жээнбековду эскерүү али алдыда…

Айгүл БАКЕЕВА: “Кабыргабыз кайышып турат”

— Бабырбек агай, кандай жапакеч жан элеңиз… Кабыргабыз кайышып жатат.
Сөз эркиндигине баа жеткис салым коштуңуз. Айрыкча «Де-факто» жабылгандан кийин «Алиби», «Ачык саясат», «Назар» гезиттерин каржылап, алардын биринде башкы редактор болуп турду эле. Бабырбек агайдын үй—бүлөсүнө, уулу Равшан Жээнбековго көңүл айтабыз!

Назира СААЛИЕВА: “Кечириңиз, кечиктим!”

-Мындайда калтырап, ыйлап сөз да таппай калат экенсиң. Куураган көр тирликтин азабынан, ден соолуктун айынан “ана барам, мына барам” деп жүрө берип бармагымды тиштеп калдым. Сизди убагында барып көрө албай, чер жазып сүйлөшө албай калганым үчүн кечириңиз! Сиз алтын, асыл адам элеңиз. Ар дайым адамды угууга, жардам берүүгө даяр боорукер, ак көңүл, колуңуз ачык, жумшак, адамга катуу айтпаган айкөл адам элеңиз. Мына дал ушул мүнөзүңүздү бүгүн сиз менен коштошууга келген адамдар да айтып, ыйлап жатышты…

Сиз бизге адамгерчилигиңиз, жөнөкөйлүгүңүз менен үлгү болдуңуз. Алтын мүнөзүңүз, жаркын элесиңиз биздин жүрөктө түбөлүк сакталат. Сиз жөнүндө айтчу сөз, жазчу нерсе алдыда. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!

Чолпон ОРОЗОБЕКОВА: “Юрист катары чоң күч-кубат берип турчу эле

-Бабыр агайдын сөз эркиндигине кошкон салымы чоң. Суук кабарды угуп жаман болуп отурам. Адам катары да жөнөкөй, боорукер жакшы адам эле. Бабырбек агайдын сөз эркиндигине кошкон салымы чоң. Агай бизге юрист катары ого бетер чоң күч-кубат берип турчу эле. Адам катары боорукер, жапакеч, адамгерчиликтен тайбаган мүнөзү менен жүрөгүбүздө калды. Кош болуңуз, агай!

Элнура КУЛУЕВА: “Жашайм деген үмүтүңүз бар эле”

-Арман күн ай… Колумдан кармап ыраазычылыгыңызды билдирип, арманыңызды айттыңыз эле. Жашайм деген толо үмүтүңүз бар эле… “Бир чымчым өмүрдө сыйлашып өтөлү” деп көп нерсеге өкүнгөнсүз.

Көзү өтүп кеткен 120 журналисттин жаркын элесине арналган эскерүү кечебизде Бабыр байке: «Менин көзүм өтүп кетсе, эскере турган сен бар экенсиң»,-деп мени кучактап ыраазычылыгын билдирген. Бабыр байке жөнүндө эскериле турган, жазыла турган көп нерселер алдыда… Кош, Бабырбек байке! Аттиң, суук ажал дагы бир жакшы адамды арабыздан алып кетти.

Канышай МАМЫРКУЛОВА: “Баарыбыздын устатыбыз элеңиз”

-Устатыбыз, насаатчыбыз… Аркасынан жаштарды ээрчитип, жол көрсөткөн кесиптештер саналуу… Сиз баарыбыздын устатыбыз элеңиз…

Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы: “Алыс бир жакка кеткендей сезилесиз”

-Бабырбек байке, алтын, асыл Адам элеңиз. Бул дүйнөдөн өткөнүңүзгө ишенгибиз келбеди… Бирок, аттиң, ажал улук экен, акка моюн сунупсуз… Сиздей инсан, сиздей редактор менен иштешип калганыбызга каниет кылабыз. «Назар», » Алиби», «Ачык саясат» деген гезиттерди чыгарып, бардыгына баш-көз болуп, улуу-кичүү журналисттер үчүн сонун атмосфераны түзүп бердиңиз эле. Жандүйнөңүз таза, ар бирибизге муктаж учурда кол сунганга даяр элеңиз. Тартынбай иш бөлмөңүзүгө кирип ыйлачубуз ыйлап, суранчубуз суранып… бирибизге агадай…бирибизге атадай мамилеңизди аянбадыңыз… Саясат татаалдашкан учурда да тартынып, бекинип отуруп албадыңыз… Кошунуз, Бабырбек байке… Сиз биз үчүн жок эмессиз… Алыс бир жакка кеткендей сезилесиз… Кошуңуз! Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун! Жаркын элесиңиз жүрөгүбүздө жашай берет!

Чынайым КУТМАНАЛИЕВА: “Баарыбызды сыздатып кеттиңиз”

Бабырбек байке, баарыбызды сыздатып кеттиңиз. Сиздин жок экениңизге ишене албай турабыз. Сизди эстеген сайын көздөн жаш тамат… Сиз жөнүндө жазчу сөз алдыда. Абдан боорукер, жөнөкөй алтын адам элеңиз. Эч кимдин көңүлүн ооруткан жоксуз. Жакшы, жумшак, жаркылдаган мүнөзүңүз менен бизге үлгү болдуңуз. Сизди балаңыз Равшан байкеден сураган сайын “жакшы” дечү, кайрадан чогуу иштейбиз го, сиз менен чогуу иштеген күндү элестетип кубанып калчумун. Көрсө, эртеңки күндү эч ким билбейт экен, күтүлбөгөн нерселер болуп кетет тура. Аттиң! Бабыр байке, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!

Асланбек САРТБАЕВ: “Соңку убакта кабарлашпай калганга өкүндүм”

-Бабыр байке жандүйнө майрамын эңсеген, табиятынан мырза сапаттуу, беттегенинен кайра тартпаган өжөр, туруктуу инсан эле. Экөөбүз оор кырдаалдарда үзөңгүлөш да жүрдүк, бирок, соңку убактарда кабарлашпай да кеткенбиз. Ошого өкүндүм. Биз өлбөчүдөй сезебиз өзүбүздү, көрсө, тагдырдын жазганына баш ийет экенбиз. Бабыр байке бейишке кетти окшойт. Кезигишчү жолдор бар… Жаткан жериңиз жайлуу болсун!

Жазгүл КАРБОСОВА: “Сизди атама окшоштурчумун”

-Бабырбек байке, жаткан жериңиз жайлуу болсун! Шум ажалга айла жок тура. Айласыздан сизге ушундай коштошуу сөзүн айтып атабыз. Журналисттердин көпчүлүгүнө үлгү болчу инсан элеңиз. Баарыбызга мээримиңизди төгүп, кеп-кеңешиңизди аяган эмессиз. Сизди атама окшоштурчумун. Атам дүйнөдөн өткөндөн кийин анын мыкты сапаттарын сизден көрүп, сизге жан тартып турчумун. Жаңы жылдын алдында эки-үч иш-чарада чогуу олтуруп, “Бабырбек байке, журналисттер элдин баарынан интервью алат. Өздөрү жөнүндө жакшы нерсе жазбайт. Сизден журналыма бир жакшы интервью алайын. Сиздин мыкты инсан экениңизди, жандүйнөңүздү ачкан маек уюштурайын, макулсузбу?”,- десем, бетимден өөп, кубанып, ыраазычылык билдирип, эмнегедир жакшы каалоо-тилек айтып, алакан жайып бата бердиңиз эле. Бул менин чыгармачылыкта тапкан атамдын акыркы батасы тура… Кийин январда, февралда чалсам, биринде Көлдө, биринде ооруканада экенсиз. “Жазгүл, сага калпычы болдум окшойт. Капельницада жатсам да телефонуңду алып жооп берип койгум келди. Ооруканадамын. Сени убара кылбай, ильхом келсе, сен каалагандай жакшы нерсени өзүм жазып берсем кантет”,- дегенсиз. Сүйүнүп сиз жөнүндө жакшы материал күтүп жаткам. Кечээ суук кабарды укканда үстүмөн муздак суу куйгандай болду. Кош дешке ооз барбайт. Анткен менен бүгүн ичибиз ачышып узатып кала бердик. Арга да, амал да жок. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун! Жараткан бейишинен орун берсин.

Назгүл МАМЫТОВА: “Кечириңиз, менин алтын агайым”

-Эмнеге?! Эмнеге таштап кеттиңиз? Күнүмдүк тиричиликтин айынан дайыма жаныңызда боло албадым. Мендей кызыңызды кечириңиз, менин алтын агайым. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңызы торко болсун!

Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ: «Жазганыңыз, жүргөнүңүз менен үлгү болдуңуз»

«Оозумда эркин кебим бар,
Томояк кедей болсом да,
Ак пейил, адал элим бар» деп Тоголок Молдо айтмакчы СИЗ кошомат кылган жоксуз, акыйкатты айтып, адилеттикти талап кылып, чор тамандарга болушуп жүрүп кеттиңиз!

Устат катары жазганыңыз, жүргөнүңүз, ишиңиз менен үлгү болдуңуз…
Жүрөгүңүз жумшак, кайратыңыз катуу болчу…

Зулпукаар САПАНОВ: «Кабыргабызды кайыштырып кеттиңиз»

-Бабыр байке, кабыргабызды кайыштырып кеттиниз!

Суук кабарды угуп шалдайып калдык. Шум ажалга айла жок экен.

Жаткан жериниз жайлуу болсун!

Адилет АЙТИКЕЕВ: “Топурак сала албаганым үчүн кечириңиз…

-Бабырбек Жээнбеков мага өкүл ата болот. Бирок биздин мамилебиз көндүм турмуштагы өкүл ата өкүл балдардай эмес, өтө жакын болучу. Мени журналистикада такшалткан, “Алиби” гезитинин кабарчылыгынан башкы редакторлугуна чейин көтөрдү. Ушул жерден ой келиши мүмкүн, Адилет өкүл ата коюп алып артынан түшүп алды деп. Мага өкүл ата болгон кезде Бабырбек Субанович адвокат болуп иштечү. Журналистикага укуктук гезит ачып, жаңы гана келип жаткан. 2007-жылы Бакиев бийлиги мени, Өмүрбек Абдыракманов жана Өмүрбек Суваналиев үчөөбүздү камап, кийин 1 жумадан соң чыгарды. Тигилерди топураган туугандары туш-туштан тартып алып машинеге салып кетишти. А мени болсо жалгыз гана Бабырбек Жээнбеков күтүп туруптур. Мына ошол кезде ал кишинин адамдык улуулугуна, бийиктигине баа бердим. Өкүл ата кылганымдын негизги себеби ушул эле. Ал эми гезитке ишке алган Кенжебек Арыкбаев болду. Себеби ал киши Бабырбек Жээнбеков ачкан 3 гезиттин бири болгон “Назар» гезитин жетектечү. Алгач гезитке макала жазып баштаганда көрүп алып: «Ай, мен сени байкабай жүргөн турбаймынбы, сенин чымының бар турбайбы. Эми ата-бала болуп биригип алып бийликти согобуз»,- деп күлдү эле. Бийлик демекчи, Бакиевдин кутуруп турган, каршы чыкканды колу-бутун сындырып, камап, атургай өлтүрүп турган кези. Мына ошол кезде болоттой курчуп, карызга белчесинен батып турганына карабай, адвокаттарды, журналисттерди чогуу кармап, бери дегенде 30 чакты журналист бир чоң имаратты ээлеп отурчубуз… Эмне гана күндөр өтпөдү… Баарына туруштук берди.

Адамдык асыл сапаттары көп инсан эле. Мээримдүү, боорукер, сыпайы, ошол эле учурда болоттой курч, күрөшчүл инсан эле…

Бабырбек Жээнбеков журналистикага 60ка таяп калганда келди. Опол тоодой иш жасады. Эгерде жашынан саясатка киргенде элестеткиле, кандай гана бийиктиктерге жетишет эле…

Мен үчүн Бабырбек Жээнбеков өз атам жасабаган чоң иштерди жасады. Мага окшогон ондогон адамдардын багын ачып, аларга устат болду.

Кошуңуз ата, сиздин табытыңызды көрүп, өзүмдү коерго жер таппай, ушул кыска эскерүүнү жаздым… Алыстан сизге багыштап куран окуп турайын… Топурак сала албаганым үчүн кечириңиз…

Даярдаган Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.