Адил Турдукулов Алмазбек Атамбаевди сатып кеткендердин атын атады

Адил Турдукулов Алмазбек Атамбаевди сатып кеткендердин атын атады

Коомдук ишмер Адил Турдукулов экс-президент Алмазбек Атамбаев боюнча, ал бийликтен түшкөнчө далилдүү макалаларды жазып, сындап жүрдү. Азыр аны жактагандай… “Фейсбуктагы” өзүнүн баракчасына мындай деп жазып чыкты: “Атамбаев өзү түзгөн КСДП фракциясына жоопкер. Ага далил фракциянын 38 депутаттарынын ичинен үчөө гана — ​Кодуранова, Карамушкина, Мадеминов жанында калышты. Калгандары сатып кетишти. Азыр анын буга абдан өкүнүп жатканын көрүп жатабыз. “Эмки партиялык тизме башкача принципте түзүлөт” деп, Атамбаев убада кылып жатат. Калган 5 фракция үчүн ошолорду түзгөндөр жоопкер. Бир жыл мурун “Бир Болдун” депутаты, Акаевдин аспиранты Кубанычбек Жумалиев жаңы түндүк-түштүк жолуна Атамбаевдин атын коюш керек деген демилге менен чыккан болчу. “Ата-Мекендин” депутаты Сайдулла Нышанов болсо Атамбаевге баатыр наамын бериш керек деп талап койгон. “Өнүгүү” фракциянын депутаты К. Жолдошбаев болсо, депутаттардын “маршруткада” жүргөнүнө уялгандан башка, улуттук деңгээлде олуттуу нерселерди сунуштаганга жарабайт. Парламентте көбүнесе мандатын сатып алган, ошондуктан элдин астында эч кандай жоопкерчиликти сезбеген депутаттар отурат. Парламент олигархтардын борбору болуп калган, ал жакка элдин көйгөйүн эмес, өз капчыгын толтурууга жана бизнесин калкалоо үчүн депутат болгону барып жатат. Эгерде адилеттүү шайлоо өтсө 2020-жылы муну өзгөрткөнгө шанс бар”,-дейт.

Алгач Атамбаевге жолугууга барганда Адил мырзадан интервью алганбыз. Ага эмнеге барганы боюнча бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.