КАК: «Атамбаевге тезинен кылмыш ишин козгоону башкы прокурордон талап кылабыз!»

КАК: «Атамбаевге тезинен кылмыш ишин козгоону башкы прокурордон талап кылабыз!»

Мындай чечимди бүгүн Курултайдын Аткаруу комитети (КАК) кабыл алып, аны коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев окуду. Жыйын Бишкек шаарында эртең менен башталып, «Бийликтин узурпацияланышы, анын мамлекетке жана коомго тийгизген кесепеттери» темасында кезектеги конференция болду. Ага көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук ишмерлер, саясатчылар, ЖК депутаттары, коомдук, жарандык, мекенчил уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер, ММК өкүлдөрү катышты.

Жыйынга чогулгандар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигин сынга алып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышты. Ал талапты Эмилбек Каптагаев окуду. Анда мындай деп жазылган: «Курултайды уюштурууга катышкан саясий-коомдук жана мекенчил күчтөрдүн талаптарына ылайык, былтыр кабыл алынган чечимдерге жана талаптарга кайрылууга мажбурбуз. Биринчиден, мамлекеттик бийликти узурпациялоо, уюшкан кылмыштуу кланды түзүү, саясий жана экономикалык коррупциялык иштерди уюштуруу айыбы боюнча Алмазбек Атамбаевге чукул арада кылмыш ишин козгоону башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон талап кылабыз. Конституциянын 5-беренесинин 2-пунктуна ылайык, мамлекеттик бийликти узурпациялоо өзгөчө оор кылмыш болуп эсептелет. Ал эми 6-беренесинин биринчи пунктуна ылайык, Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ. Ошондуктан кол тийбестик деген саясий оюндар менен интригаларды, жаңы кабыл алынып жаткан мыйзамды ишке киребиз деген шылтоону токтотуш керек!”

Ошону менен катар эле Э.Каптагаев Атамбаевдин байлыгынын булагын текшерүүнү талап кылды.

Эскерте кетсек, экс-президенттердин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзамды 12-мартта Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК регламенти боюнча комитети үчүнчү окууда жактырган. Анын алдында Конституциялык палата менен Жогорку Кеңештин ортосунда документтеги беренелер боюнча талаш-тартыш орун алган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.