Президенттин кудасынын бажасы сынаксыз жетекчи болуптур…

Президенттин кудасынын бажасы сынаксыз жетекчи болуптур…

Мындай маалыматты журналист, “Азаттык” радиосунун Ош облусу боюнча кабарчысы Ыдырыс Исаков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Анда мындай деп жазылган: “Президент С.Жээнбековдун кудасы А.Абжалиевдин бир тууган бажасы Кыял Ташболотов Ош облустук балдар ооруканасына жетекчи болуп, сынаксыз дайындалды.

Маселе жаш кадрдын татыктуу же татыксыздыгында эмес. Балким ал периштедир, балким ал генийдир. Маселе эрежеде. Мурунку жетекчи сынактан утуп, анан дайындалган.

Куданын бажасы сынаксыз дайындалып атат. Кеп, суроо ушунда. Эмне үчүн? Шариятты эл сактап, молдо сактабай койсо боло береби деген гана суроо...”

Абжалиевде кеп бар окшойт?..

Мындай куш кабар элге бат тарап, ар кандай сын айтылууда жана социалдык тармактарда кызуу талкууланууда. “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дегендей, ЖК депутаты Алиярбек Абжалиев жөнүндө шамал көп согуп, айтылып, жазылат. Ушу кишиде кеп бар окшойт?.. Сөзүбүз кур болбош үчүн эки далилди келтире кетели. Өткөн жылдын аягында депутаттын агасы Ыктыярбек Абжалиев «Мегакомго» бөлүм башчы болуп дайындалган. Анда да коомчулук катуу сынга алган, ошондон улам агасы кызматынан баш тартууга аргасыз болгон.

Кудасы боюнча президент айтты эле…

Президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгын чыгарып жатканда журналисттерге кудасына байланыштуу жагдай тууралуу да пикирин билдирген. Ал төмөнкү ВИДЕОдо.

Экинчи далилибиз “Супер инфо” гезитинин ээси Кылыч Султановдун жазганы. Аны бул жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.