Жумабеков Бабанов тууралуу таластыктардын суроосуна жооп берди (ВИДЕО)

Жумабеков Бабанов тууралуу таластыктардын суроосуна жооп берди (ВИДЕО)

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар (Гүлкан Молдобекова, Зарылбек Рысалиев, Кенжебек Бокоев жана алардын арасында Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев бар) тобу Талас облусунда иш сапар менен жүрөт. Алар Кара-Буура жана Манас райондорунда болуп, аймактын активдери жана жергиликтүү эл менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп беришти. “Таза суу» долбоору, жайыттардын абалы, мектеп, оорукана жана жол сыяктуу  инфраструктуралык маселелер боюнча суроолор болду. Төрага Дастанбек Жумабеков айтылган айрым маселелерди өз көзөмөлүнө аларын билдирип, кээ бир көйгөйлөрдү чечүү боюнча жолугушууга катышып жаткан тиешелүү министрликтердин жана мекемелердин өкүлдөрүнө тапшырма берди.

Ошондой эле карапайым калк курч суроолорду беришти. Өзгөчө Дастан Жумабековго таарынычтарын айтышты. Алар Өмүрбек Бабанов боюнча маселени өз убагында колдобой, аны күн тартибинде парламентте каратпай коюп, кайра добушка салганы боюнча суроону берип, аны ыңгайсыз абалга калтырышты. Бирок, ал суроо жоопсуз калган жок. Ага төрага: “Мен регламент боюнча гана карадым, ал кылганыма кийин Бабанов рахмат айтат”,-деп кутулду. Андагы жоопту төмөнкү ВИДЕОдон көрсөңүздөр болот.

Эскерте кетсек, былтыр декабрь айында депутаттар Бабановдун ишин кароону күн тартибине киргизген эмес. Ошондо депутат Максат Сабиров Өмүрбек Бабановдун иши тууралуу УКМК жана Башкы прокуратуранын маалыматын угуу күн тартибине киргизилгенин, бирок аны Дастан Жумабеков киргизбей, анын ордуна Бактыгүл Жээнбаеваны Каржы министрлигине бекитүү маселесин койгонун айтып чырылдаган. Максат Сабировдун айтканын Руслан Казакбаев колдоп, сунуштаган. Дастан Жумабеков регламент боюнча маселени кайра добушка коюу керектигин айтып, добушка койдурганда, депутаттар колдобой койгон. Дал ушул маселе боюнча таластыктар бүгүн Дастан Жумабековго, «эмнеге андай кылдыңыз?»,-деген суроону кабыргасынан коюп, аны жарга такап жатат. А чынында төраганын мындай жообуна алар ыраазы болгон жок, нааразы болушту…

Ал эми депутат Кенжебек Бокоевге да суроо берип, анын ар бир жообуна ыраазы болуп, дүңгүрөтө кол чаап жатышты. Анын сүйлөгөн сөзүн төмөнкү ВИДЕОдон көрсөңүздөр болот!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.