КСДП Өзгөндө эмне болгон кеңешме өткөрдү?

КСДП Өзгөндө эмне болгон кеңешме өткөрдү?

Бүгүн, 27-мартта Өзгөн районунда КСДПнын кезектеги кеңешмеси болуп өттү. Ага Өзгөн шаарынан, айыл аймактардан келген партиянын мүчөлөрү катышты. 3-апрелде Бишкек шаарында өтчү КСДПнын кезектеги съездине жана Ош облусу боюнча боло турган кеңешмесине катышуучу делегаттардын курамын бекитүү маселеси күн тартибинде каралды. Жыйынтыгында, делегаттар курамы бир добуштан шайланып, бекитилди.

Эскерте кетсек, буга чейин депутат Иса Өмүркулов 3-апрелде партиянын кезектеги съездин өтө турганын билдирген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.