Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун жактоочулары биригип, митингге чогуу чыгууга белсенди…

Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун жактоочулары биригип, митингге чогуу чыгууга белсенди…

27-мартта «Ата Мекен» менен «Мекенчил» партиясы бир штабга бирикти. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Калысбек Боронбаев билдирди. Анын айтымында, бул эки партия 23-апрелде боло турган митингге байланыштуу убактылуу бириккен жана митингге чогуу даярдануу үчүн биргелешкен штаб түзүлгөн.

Митинг болгон күнү Текебаев менен Жапаровдун соту болот

Бул эки партиядан тышкары штабга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жабыр тарткан башка саясатчылар да кошулганы белгилүү болду. Ошентип бириккен жактоочулар Атамбаевдин буйругу менен, жалган жалаанын курмандыгы болуп, абакта отурган Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Дүйшөнкул Чотоновду боштондукка чыгышын, соттун акыйкат менен чечим чыгаруусун талап кылат. Себеби, дал ошол күнү, 23-апрелде «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаровдун иши Жогорку сотто бир күндө каралат.

Атамбаевдин буйругу, соттор анын “куйругу” болгон…

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов орусиялык ишкер, шылуун, учурда абакта отурган Леонид Маевскийдин (Орусияда ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн камакка алынган) жалган көрсөтмөсү менен кармалган.  Тагырагы, “1 миллион доллар пара алган” деген айып тагылып, камакка алынып, сегиз жылга соттолгон. Сот да убагында калыс карабай, 23 аттуу-баштуу саясатчылардын көрсөтмөсүн эске албай койгон. Атамбаевдин буйругу, соттор анын “куйругу” болгону эсибизде…

Ал эми Садыр Жапаров Кыргызстанга келатканда чек арадан кармалып, камакка алынган. Ал: “сөзсүз барып берем”,-деп кагаз жазып берсе да, болбой алып кетишкен видеону баарыбыз эле көргөнбүз. Ага 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып коюлуп, ошонун негизинде камалып, 11 жыл, алты айга кесилген.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.