Батукаевди ким бошоткондугу тууралуу Болот Шердин баяндамасы (ВИДЕО)

Батукаевди ким бошоткондугу тууралуу Болот Шердин баяндамасы (ВИДЕО)

Эсиңиздерде болсо керек, мындан 6 жыл мурда, оор кылмыштар үчүн соттолгон кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан «барктап» бошотуп, атүгүл самолетко салып, учуруп жиберишкен. Тагырагы, Батукаев Нарын шаардык соттун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген таризде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Андагы «мына, мына өлөт» деген Батукаев күүлүү-күчтүү эле жашап жүрөт… Быйыл ошол орчундуу маселе боюнча кеп кайрадан козголуп, күнөөлүүлөр четинен камала баштады. 8-майда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) мурдагы жана азыркы үч кызматкери камалды. Буга чейин «Азиз Батукаев ак кан илдетинен жабыркайт» деп справка берген» деген айып менен онколог Эмил Макимбетов камакка алынган. 2013-жылдагы ЖАМКнын жетекчиси, азыркы ЖК депутаты Зарылбек Рысалиев жана андагы акыйкатчы Турсунбек Акун да суракка чакырылып, учурда бул иш боюнча жооп берүүдө…

2013-жылдагы комиссиянын жүргүзгөн иши боюнча Жогорку Кеңеште андагы депутат Болот Шер баяндама жасаган. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрө аласыздар.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.