1 миллион доллар менен ишкерлер эмне үчүн каржыланат?

1 миллион доллар менен ишкерлер эмне үчүн каржыланат?

Улуттук валютабызды колдонуп келатканыбызга 29 жыл болду. Тагырагы, 1993-жылы 10-майда сом жүгүртүүгө киргизилген. Кечээ президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алып, аны, банк чөйрөсүнүн кызматкерлерин куттуктап, аларды өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн эмгектенүүгө чакырды.

Бул жолугушууда Толкунбек Абдыгулов банк карталарын, банкоматттарды, төлөм терминалдарын жана POS-терминалдарды пайдаланууну жайылтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана алдыдагы милдеттер боюнча кыскача маалымат берди. Улуттук банктын төрагасынын маалыматы боюнча, 2018-жылдын жыйынтыктары боюнча төлөм карталарынын саны 2017-жылга салыштырмалуу 20 пайызга өсүп, 2,4 млн даанага жеткен. Төлөм карталары менен 38 млн операция жүргүзүлүп, өсүш 32 пайызды түзгөн. 2019-жылдын башына карата 1 583 банкомат иштеп, өсүш 12 пайызды түзгөн. Ошондой эле 10046 POS-терминалдар бар — өсүш 21,3 пайызга жеткен. Төлөм терминалдарынын өсүшү 31,5 пайызды түзүп, 2019-жылдын башына карата алардын саны 1606 даана болгон.

Президент 2019-жылдын 22-апрелинде Ош шаарында өткөн «Санарип Кыргызстан: Региондорду өнүктүрүү» телекоммуникациялык форумда айтылган сунуштарды жана сын пикирлерди эске алуу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү жана мобилдик банкингди тезирээк өнүктүрүүнүн маанилүү экенин айтып, ар бир айыл өкмөтүн банк инфраструктуралары менен камсыз кылуу жана өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында региондордогу калкка банк кызматын көрсөтүүнү жакшыртуу зарылдыгын баса белгиледи.

Ошондой эле бул жолугушууда Улуттук банк Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жана «Кепилдик фонд» уюму менен бирге Баткен, Талас жана Нарын облустарында старт-ап долбоорлорду каржылоо программасын иштелип чыкканы айтылды. Анын алкагында дыйкандар өндүргөн айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнү көздөгөн ишкерлер каржыланары белгилүү болду. Ага 1 миллион доллар бөлүү каралып жатканын президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.