Эртеңден баштап аба ырайы бузулат. Кайрадан нөшөрлүү жамгыр…

Эртеңден баштап аба ырайы бузулат. Кайрадан нөшөрлүү жамгыр…

Аба ырайынын эртеңден баштап (12-13-май күндөрү) кескин түрдө өзгөрө турганы тууралуу Кыргызгидромет билдирүү таратты. Билдирүүгө караганда, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Чүй, Талас менен Баткендин тоолуу райондорунда мөндүр болуп, жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Тоо башына кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 20 метрге чейин жетиши ыктымал.

Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, жайыттарда мал кармоону кыйындатып, втоунаалардын жүрүшүнө, байланыш, энергетика жана коммуналдык чарбанын ишине тоскоолдук жаратылышы ыктымалдыгын, нөшөрдөн улам Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында сел жүрүшү да мүмкүндүгүн ӨКМ билдирди.

Ал эми борборубуз Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 24…26 градуска чейин жогорулайт.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.