Күйөрманын муштап жиберген Неймар кандай жаза алды? (ВИДЕО)

Күйөрманын муштап жиберген Неймар кандай жаза алды? (ВИДЕО)

«Пари Сен-Жермен» (ПСЖ) клубунун оюнчусу, 27 жаштагы атактуу футболист Неймар күйөрманын муштап жибергени боюнча видео тарап, ал социалдык тармактарда кызуу талкууланууда.

Мындай окуя Франция кубогунун финалында, ПСЖ «Ренн» клубуна утулган кезде болгон. Неймар күмүш медалды алуу үчүн трибунага чыгып баратканда аны телефонуна тартып алган күйөрманды «мазактап жатат» деген мааниде түшүнүп, бетке уруп жиберген. Ошондон улам ал үч оюндан четтетилген. Мындай чечимди Франциянын футбол федерациясы чыгарган. Чечим 13-майда күчүнө кире турган болгондуктан, Неймар бүгүн, 11-майда ПСЖ менен «Анже» клубдарынын беттешине катыша аларын чет мамлекеттин ММКлары жазып чыкты.

Күйөрманды муштап жиберген ВИДЕОну төмөндөн көрө аласыздар.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.