Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Батукаев Атамбаевдин көрсөтмөсү менен түрмөдөн бошотулган” (эки ВИДЕО)

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Батукаев Атамбаевдин көрсөтмөсү менен түрмөдөн бошотулган” (эки ВИДЕО)

Мына ушинтип Өмүрбек Чиркешович 2017-жылда жайында айткан. Ал кезде ал депутат,  Алмазбек Атамбаев президент болчу…

Эки жыл мурунку ВИДЕОну төмөндөн көрүңүз!

Анда бийлик унчукпай койгон эмес. Андагы президент Алмазбек Атамбаев: «бул боюнча вице-премьер-министр Шамил Атахановду кызматтан алганбыз»,-деп жооп берген. Атахановду жоопко тартпай, аны кызматтан алып гана тим болушкан.

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Батукаев өлсө өлүп калат эле да…»

Андагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов, башкы прокурор Аида Салянова да келип, парламентте жооп берген. Өмүрбек Чиркешович парламентте айтып, чырылдаган. Андагы видеону төмөндөн көрүңүз!

Болот Шердин Батукаев боюнча баяндамасы

Болот Шердин баяндамасын бул ШИЛТЕМЕден окуп, видеосун көрүңүз.

Эсиңиздерде болсо керек, мындан 6 жыл мурда, оор кылмыштар үчүн соттолгон кримтөбөл Азиз Батукаевди Нарын шаардык соттун чечими менен түрмөдөн бошотушкан. Ага (2013-жылы апрелде) дарыгерлер «айыккыс ооруга чалдыкты» деген диагноз койгон. Ошонун негизинде Батукаев абактан бошотулуп, ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлүп, текшерилип, жыйынтык чыгып, аны парламентте андагы депутат Болот Шер окуп берип, видеону көрсөткөн. Быйыл ошол орчундуу маселе боюнча кеп кайрадан козголуп, күнөөлүүлөр четинен камала баштады. 8-майда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) мурдагы жана азыркы үч кызматкери камалды. Буга чейин «Азиз Батукаев ак кан илдетинен жабыркайт» деп справка берген» деген айып менен онколог Эмил Макимбетов камакка алынган. 2013-жылдагы ЖАМКнын жетекчиси, азыркы ЖК депутаты Зарылбек Рысалиев жана ошол учурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун да суракка чакырылып, учурда бул иш боюнча жооп берүүдө…

Турсунбек АКУН: «Дарыгерлер койгон диагнозго ишенгениме өкүнөм»

Турсунбек Акун бүгүн (11-майда) «Азаттык» радиосунун «Арай көз чарай» талкуусуна катышып, Батукаевге дарыгерлер койгон диагнозго ишенип, анын таламын талашканына өкүнөрүн айтты. “Ошол догдурлар койгон диагнозго ишенбей, кайра аны текшерип чыгууну талап кылсам болмок экен. Мыйзамдагы уурунун отура турган дагы сегиз жылы бар, муну дароо чыгарып жиберүүгө болбойт дешим керек эле. Азыр убагында анын укугун коргоп чыкканыма өкүнөмүн”, — деп бармагын тиштеп турган учуру…

Зарылбек РЫСАЛИЕВ: «Баарына буйрук берген бир гана адам болгон»

деп Зарылбек Рысалиев “Де-факто” гезитине берген маек бергенде айткан. Ал Батукаев боюнча суроого мындай деп жооп бериптир: «Шашпай тургула, жакын арада толугу менен ким күнөөлүү экендигин аныктаган фактыларды көрөсүңөр. «Рысалиев кызыл килем салып узатты» деп мени күнөөлөп бүтө албай жатасыңарбы? Ким узатканын эми көрөсүңөр! Аэропорттун күтүү залында видео көзөмөлдөрдү алып чыгып караса эле ким узатканы белгилүү болуп калат. Тергөө иштери жүрүп, мунун баары аягына чыгыш керек! Кармалгандар баарын ачык айтып берет деген ойдомун. Ошол убактагы жетекчиликте тургандар эми баарын жашырбай ачыктайт го. Бир гана адам баарына буйрук берип турган. Ал ким экенин бешиктеги бала дагы билет».

Мына, депутат  Зарылбек Рысалиев да «жакында аты аталат» деп атат. Бирок, ал Өмүрбек Текебаевдей болуп, коркпой эле атын атаса болмок. Депутат деген Өмүрбек Чиркешовичтей болуш керек, эч нерседен коркпой, болгон чындыкты ачык, убагында айтып, ак жүргөн. Чындык жеңип, күнөөлүүлөр жоопко тартылып, Өмүрбек Текебаевдин ордуна отурчу күн аз калды окшойт. Күтө туралы, окурман!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.