Небересин зордуктап, асынып алган адамдын өлүмү иликтенүүдө…

Небересин зордуктап, асынып алган адамдын өлүмү иликтенүүдө…

Бул окуя кечээ, 10-майда таңга жуук болгон. Чүйдүн Ысык-Ата райондук милициясында 55 жаштагы эркек киши өзүн асып алган, милиция кызматкерлери аны камерада асынып алган абалда тапкан. Жанынан тоголок кат табылган, анда ал жасаган кылмышы үчүн жакындарынан кечирим сураганы жазылган. Бул иш боюнча учурда иликтөө жүрүп жатат.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, ал «небересин зордуктады» деген шек менен кармалып, 8-майда эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүүнүн үстүнөн кызы арыз жазган. Тагыраак айтканда, Ысык-Ата райондук ички иштер органдарына 7-майда Киргшелк айылынын 24 жаштагы тургуну Р.Е арыз менен кайрылып, кичинекей кызын зордуктаган атасына карата чара көрүүнү суранган. Арыз Жазыктар кодексинин 162-беренеси (сексуалдык мүнөздө зордук-зомбулук көрсөтүү) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.