Аалы ТУТКУЧЕВ: “Ырдабай койгонуңуз жакшы, көрүнбөй кетип калсаңыз”дешти…” (ВИДЕО)

Аалы ТУТКУЧЕВ: “Ырдабай койгонуңуз жакшы, көрүнбөй кетип калсаңыз”дешти…” (ВИДЕО)

Төкмө акын Аалы Туткучевди кечээ кечинде ооз ачырууга чакырып, ырдап берүүсүн Муфтият чакырып алып, кайра ырдатпай коюптур. Ал тууралуу ак таңдай акын Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазып чыгып, түрк элчиси залдан таарынып чыгып кетип, сыртта кыйкырып жаткан видеону жайгаштырды.

Алгач Аалы Туткучевдин жазганын окуңуз. “Жаман үйдү коногу бийлейт. Бул күнү таякемдин кырк ашына Таласка жолго чыкмак элем. Муфтият: интеллигенцияга ооз ачырат, ырдап берип койушуңду муфтий суранып жатат”,-дешкенинен кыя албай бардым. Түрк элчиси минтип залдан кыйкырып чыгып кетти. Мени чакыргандар:Муфтий суранды туура түшүнүңүз, ырдабай койгонуңуз жакшы болот, мүмкүн болсо көрүнбөй кетип калсаңыз жакшы болот эле”,-дешти. Бул эмне деген кордугу? “Муфтийдин өзүнөн угайын, үстөлүнө барам”,-десем, жардамчылары жалдырап жиберди. Анткени Асылбек Жээнбеков менен бир үстөлдө олтуруптур (элчи аларды да көзгө илген жок). Өз өлкөмдө  ырдай албай калганыма ызаландым. Ыйык Орозодо чыр кылгым келген жок. Элчинин милдети элдештирүү эмес беле? Мечит Кудайдын ыраазылыгы үчүн салынат жана колко кылынбайт. Алла Таала мусулмандарга жер үстүнүн бардыгына намаз окууга уруксат берген”,-дейт Аалы Туткучев.

Түрк элчинин кыйкырган ВИДЕО

Бул видео социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууда… Рамазан айында таарынуу, кыйкыруу деген болбойт го. Мечит салганын милдет кылган да болбойт.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.