“Азаттыктын” кабарчысына кол салуу болду

“Азаттыктын” кабарчысына кол салуу болду

«Азаттыктын» Ош облусундагы кабарчысы, кесиптешибиз Ыдырыс Исаковго кол салуу болгонун аталган радио жазып чыкты. Алардын айтымында, журналист Ош шаарында көмүскө иш жүргүзгөн кумаркана катары сөз болгон мекемени тартып жатканда кол салуу болуп, анын бети, колу тытылып, кийими айрылган. Ал жерге милиция кызматкерлери барып, кол салгандар кармалган.

Тагыраак айтканда…

Кесиптешибиз Ыдырыс Исаков мыкты журналист. Ал дайыма болгон чындыкты айтып, тартып, далилдүү материал жазып келет. Ал Ош шаарында «Делюкс» мейманканасынын капталында жайгашкан, аты жок кумаркананы тартууга барган. Бул тууралуу ири суммада акчасын уттурган баланын ата-энеси кайрылып, 2017-жылдан бери кумаркана иштеп жатканын билдирген. Жабыркаган тараптын маалыматына караганда, баласы 2017-жылдан бери 50 миң доллардай уттурган. Алар уттурган акчаны кайтарып берүүнү талап кылып жатышат. Маселе чечилбесе президентке да кайрылышарын билдиришкен. Булардын баарын кесиптешибиз “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу түз көрсөткөн.

Казино, кумар оюндарга тыюу салынган…

Кыргызстанда казино жана башка кумар оюндарына (2012-жылдын 1-январынан тартып) тыюу салынганы качан. Ал эми 2015-жылдын 29-апрелинен тартып букмекер кеңселерине, тотализаторлорго чектөө коюлган болчу. Тыюу салынганына карабай, кумар оюндары Интернет аркылуу ойнолуп келет. Бул көйгөйлүү маселени Жогорку Кеңештин депутаттары да парламентте айтышууда… Мыйзамчылар айтып, эч нерсе кылбагандан кийин мыйзамдуу иш жүрөөрү күмөн.

Ал эми кесиптешибиз Ыдырыс Исаковго ден соолук, аманчылык, күч-кубат каалайбыз! Чындыктан коркпой, артка чегинбей, ишти аягына чыгуусуна тилектешпиз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.