Мирбек Атабековдун апасын ким, эмне үчүн сабап кеткен?

Мирбек Атабековдун апасын ким, эмне үчүн сабап кеткен?

Айрым маалымат каражаттары белгилүү ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүнө кирип, сабап, акчасын тоноп кеткени боюнча жазып чыгышты. Ырчы болсо бул маалыматты тастыктабай да, төгүндөбөй да турган чагы… Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүндө каракчылык жасаган шектүүлөрдү издөө үчүн ыкчам тергөө тобу түзүлгөнү тууралуу (бүгүн, 13-майда аталган түзүмдүн басма сөз кызматы) билдирди. Алардын билдирүүсүнө караганда, А.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызда 5-майдан 6сына караган түнү түнкү саат 1:45терде белгисиз жарандар үйүнө кирип, 60 миң долларын жана алтын буюмдарын тоноп кеткени жазылган. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Жазык кодексинин 202-беренесинин («Тоноо») негизинде сотко чейинки өндүрүш башталды.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.