Муфтияттын элчи боюнча билдирүүсү. “ФЕТО” деген эмне?

Муфтияттын элчи боюнча билдирүүсү. “ФЕТО” деген эмне?
Сүрөттө: Женгиз Камил Фырат

Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат Бишкектеги ресторандын биринен (Муфтиятка нааразы болуп) сыртка чыгып кетип,  «Орхан Инанын менен бир столго отурбайм, ФЕТОчуларды чакырыпсыңар”,- деген видеосу социалдык тармактарга кечээ тарап, дагы деле кызуу талкууда. Негизи бул окуя 8-майда болуптур. Ал видеодо Фырат: “Же Түркияны, же террорчу уюмду тандайсыңар. Түркия Кыргызстанга 35 миллион долларга мечит салып берген. Мен үчүн муфтият жок. Мага жолобогула!”,-деп муфтий Максатбек Токтомушев баш болгон кишилерди кекетип, ооз ачаарга эки мүнөт калганда кетип калган.

Камил Фыраттын ачууланып жаткан ВИДЕОсун бул жерден көрсөңүздөр болот!

МУФТИЯТ: “Ооз ачаарга адамдарды эч ким бөлүп чакырбайт да”

Бул жагдай боюнча Муфтият журналисттерге түшүндүрмө берди. Басма сөз катчы Максат Атабаев элчинин ооз ачарда нааразы болуп, кетип калганын тастыктап, азыр баары жакшы экенин билдирди. “Ифтарга адамдарды эч ким бөлүп чакырбайт да. Баары чакырылган. Ошол жакта өз ара келишпестик болуп, анан абал жөнгө салыныптыр. Азыр баары жакшы, — дейт М.Атабаев.

ФЕТО деген эмне?

Түркия элчинин видеодо “ФЕТОчуларды чакырыпсыңар” деп айтканы бар. Айрым көрөрмандар “ФЕТОсу эмнеси?” деп суроо салууда. Окурмандарга түшүндүрүүгө аракет кылдык. ФЕТӨ/FETO (Фетхуллах Гүлендин террордук уюму. Түркия бийлиги ушинтип атайт – авт.).  Түрк бийлиги түзүүчүсү — диниятчы Фетхуллах Гүленди жактырбайт, душман санайт. Анын кыймылын Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган «террордук» деп таанууга чакырган. Эсиңиздерде болсо керек, былтыр сентябрда Эрдоган Кыргызстанга  эки күндүк иш сапар менен келип, анын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков менен тар жана кеңири чөйрөдө жолугуп, эки тараптуу кызматташуу тууралуу 12 документке кол койгон. Ошондо Эрдоган: “Баарыңардын эсиңерде болсо керек, 15-июлда (2016-жылы) ФЕТО тарабынан уюштурулган төңкөрүш аракети анын мүчөлөрү бар бардык мамлекеттерге коркунуч туудурат. Акыркы маалда биз тараптан көрүлгөн аракеттер менен бул террор уюмунун белин сындырдык. Бүгүнкү жолугушууда ФЕТО менен кантип күрөшүү керектигин да талкуулап алдык. Биз боордош эл болгондуктан биздин башыбыздан өткөн нерсени бир туугандарыбыз дагы көрүшүн каалабайбыз«, — деген.
Ал эми биздин президент С.Жээнбеков: “Биз бул боюнча абдан көп иш алып бардык, «Себатты» «Сапатка» айланттык. Азыр бул мекеменин ишмердиги толугу менен мамлекеттин көзөмөлүндө турат. Андан тышкары Билим берүү жана илим министрлиги анын уюштуруучу курамына кирген. Азыр окутуу процесстери толугу менен мамлекеттин көзөмөлүндө. Биз боордош эл экенибизди дагы бир ирет айтып коюшум керек. Биздин жарандар Түркияга зыян кылуучу, кыянаттык иштерге барбайт. Эгер кыргыз-түрк мамилесине доо кетире турчу аракеттер болсо, андай адамдар катуу жоопкерчилик тартат«, — деген.

Эрдоган ФЕТОго каршы болгондуктан, элчи Орхан Инанды (мурдагы «Себат», азыркы «Сапат» билим берүү мекемесин бир нече жыл башкарган адам- авт. ) көргөндө чок баскандай чочуп, ооз ачкан жерден кетип калганы да ошондон. Бул жерде саясий боек бар. Андыктан эки мамлекеттин ортосуна доо кетпегендей, абайлап сүйлөп, орундуу, калыс, так жазып, ага кылдат иш кылалы, туугандар!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.