Замира МАМБЕТОВА: “Бүгүн талаптарыбыз аткарылбаса, боз үй тигип, ачкачылык жарыялайбыз!”

Замира МАМБЕТОВА: “Бүгүн талаптарыбыз аткарылбаса, боз үй тигип, ачкачылык жарыялайбыз!”

Чүй облусундагы Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы № 1 лицейге директордун милдетин аткаруучу болуп, убактылуу Элнура Музаева дайындалды. Жаңы жетекчини мугалимдерге Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өзү тааныштырды. Министрдин мындай чечимине айрым ата-энелер каршы, алар бүгүн мурунку директорду (Диляра Абдуллаеваны) колдоп Ак үйдүн алдына митингге чыгат. Бир тарабына: “Мурунку директордун да, министрдин да бизге кереги жок!” деп жана башка дагы талаптар менен ата-энелер митингге чыгат. Алардын бири – Замира Мамбетова. Замира айым менен ат жалында маек курдук.

Замира айым, сиздер мектептин директору Диляра Абдуллаеваны кетирип, жаңы директорлуу болдуңуздар. Убактылуу дайындалган Элнура Музаевага да каршысыздарбы?

— Жок, биз каршы деле эмеспиз. Болгону бизге буйрук керек, кагаз жүзүндө, анын дайындалышы боюнча буйрукту көрсөтүшсүн. Буйрук жок болуп жатпайбы. Аны оозеки тааныштырып жатышпайбы. Анын үстүнө Элнура Музаева да Бишкектеги № 5 мектептен так ушул биз айтып жаткан ата-энелер фонду боюнча ызы-чуу менен кеткен. Аны эмне министр билбейт дейсиңерби, билет?! Бул бир. Экинчиден, бул жөн эле, орусча айтканда, “показуха”. Убактылуу директорду коюу,  бул убактылуу ызы-чууну токтотуу. Бизге ата-энелерди, окуучуларды “бай, кедей” деп бөлбөгөн, “фондго акча чогулткула!” деп мажбурлабаган, мамлекеттен бөлүнгөн каржыны мектепке, окуучулардын керегине гана жараткан, сарптаган, ичип-жебеген директор керек! Бул кызматка конкурс жолу менен келсин! Конкурс болуп, утуп чыккан татыктуу директор болсун! Биздин талаптарыбыз ушул.

— Ушул талаптарыңыздарды министрге айта алган жоксуздарбы? Ал мектепке барды го…

— Ал жерге “дүжүр” мугалимдер, ата-энелер катышты. Бизди кийриген жок. Ичине кийрисе баарын министрге айтып, чечишип алат элек да. Кеткенден кийинки ызы-чууну угуп, министрлик бизди чакыртыптыр. Бизден бир өкүл барып келди, “ата-эненин фондго чогулткан акчасына биз аралаша албайбыз”,- дептир. Аралаша албаганында болуп жатпайбы кеп. Биз коррупциялык схемага каршы турабыз. Аягына чейин күрөшөбүз! Талаптарыбыз аткарылсын! Бизге Д.Абдуллаеванын кереги жок, аны биротоло кызматтан кетиришсин. Анткени ал мектепке өзүнүн диктатурасын орнотуп алган. Мектептин жарымы бала бакча. Капталында квартиранттар жашайт. Бул боюнча текшерилип, ага иш козголгон. Андыктан аны биротоло кызматтан кетирүү министрдин колунда. Бирок, министр анте албайт. Себеби, ал анын жакын курбусу, колтукташып, табакташып, жетелешип эле жүрүшчү…

-Эгер талаптарыңар аткарылбаса, анда кандай кадамга барасыздар?

— Боз үй тигип, ачкачылык жарыялайбыз. Албетте, Ак үйдүн алдына эмес, боз үйдү Горький паркына тигебиз. Себеби, ал жерге тигүүгө, митингге чыгууга уруксат бар. Биз деле мыйзамды сыйлаган, билген адамбыз. Мен укук коргоочу да, ата-эне дагымын. Биздей көрүнүш бардык эле мектепте бар экен. Ошон үчүн бул жерге республика боюнча ата-энелер чогулат. Биз ата-энелерден чогултулган фондду түп тамыры менен жоготобуз, жоюлсун! Директор мажбурлабасын! Албетте, каалоочу ата-эне болсо бере берсин. Ата-эне фондуна бир айда эки жарым миллион чогултулат. Андагы акчанын кайда кеткенин сурасак эле дайны жок. Анан кантип ачууң келбейт. Бизге кагаз жүзүндө так маалымат берсин да. Мамлекеттен да акча бөлүнөт. Ал кайда кетүүдө?.. Биз бүгүнтөн баштап ачкачылык жарыялоого даярбыз. Муну да саясатка айлантып жатышат айрымдар, “булардын артында бирөө бар”,-деп. Биздин артыбызда эч ким жок. Биздин артыбызда – эл турат. Бизге таза, ак, так иштеген, элге жакын директор керек!

Эскерте кетсек…

Аталган мектептеги айрым ата-энелер лицейде ата-энеден акча чогултууга каршы. Алардын айтымында, ар бир окуучудан 500-700 сомдон чогултулат, ошол боюнча так маалымат ала албай келишет. Алар фондго чогултулган акчанын кайда кетип жатканын билүү жана мектеп директорун кызматтан кетирүү талабы менен Ак үйдүн алдына апрелде митингге чыгышкан. Кийин лицейди прокуратура, Финпол текшерип, директор Диляра Абдуллаева убактылуу иштен четтетилген.

Министрликтин билүүсүнө караганда…

Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирүүсүнө караганда, аталган лицейге убактылуу Элнура Музаева дайындалып, буйрукка Сокулук райондук билим берүү башкармалыгында кол коюлган. Учурда укук коргоо органдары мектепти колдоо максатында түзүлгөн коомдук бирикмени текшерүүдө. Иликтөө учурунда директор Диляра Абдуллаева кызматтан четтетилген. Комиссиянын текшерүүсүнүн алдын ала жыйынтыгына караганда, мектеп жетекчилигинин ишмердүүлүгүндө бир топ кемчилик бар. Ал боюнча укук коргоо органдары тиешелүү чараларды көрмөкчү. Андан тышкары, республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарына окуучулардын санына жараша бюджеттен каражат бөлүнөөрү айтылды. Алсак, аталган лицейге 2019-жылы төмөнкүдөгүдөй сумма каралган:

  • Мугалимдердин жана башка кызматкерлердин эмгек акысына — 39 миллион 155,6 миң сом;
  • Социалдык фондго төлөмдөр — 6 миллион 754,3 миң сом;
  • Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга — 152,6 миң сом;
  • Ар кандай чыгымдар — 47,3 миң сом;
  • 1-4-класстардын окуучуларынын тамактануусуна — 2 миллион 120,2 миң сом;
  • Чарбалык чыгымдар — 258,3 миң сом;
  • Жалпы билим берүүчү уюмдарды оңдоодон өткөрүүгө — 340,1 миң сом.

Баарын кошуп эсептегенде 48 миллион 828,4 миң сомду түзөт.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.