Аида САЛЯНОВА: “Сот да адвокатты таба албай жатканын уктуңар, демек…”

Аида САЛЯНОВА: “Сот да адвокатты таба албай жатканын уктуңар, демек…”

Мурдагы башпрокурор, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновдун өлүмү тууралуу кезектеги соттук отурум бүгүн болмок. Айыпталуучунун адвокаты келбегенине байланыштуу жылып калды.

19-апрелден бери бир ай күтүшкөнүн Аида Салянова баса белгилеп, соттон адвокаттын жоопкерчилигин кароо маселесин өтүндү. Аны менен катар жабырлануучунун адвокаты кийинки соттук отурумга Ысык-Көлдүн мурунку прокурору Айбек Тукубаевди, тергөө ишине жетекчилик кылган Аблатовду күбө катары суроону соттон өтүндү эле, сот аны канааттандырды.

Сот залынан чыккан соң журналисттердин бир катар суроосуна Аида Жеңишбековна жооп берип жатып, адвокаттын жоопкерчилигин кароо тууралуу арыз менен Юстиция министрлигине кайрыларын айтты. “Өзүңөр уктуңар, сот да адвокатты таба албай коюшканын айтты, «телефондору иштебейт, каттарга жооп берген жок» деп жатат. Демек, анын каалоосу жок. Биз Юстиция министрлигинен адвокаттын лицензиясын карап көрүүнү талап кылып, кайрылабыз”,-дейт А.Салянова.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 6-ноябрында Улан Саляновду Бишкектеги Көк-Жар конушундагы үйүнө беткап кийген канкорлор кирип барып, атып кетишкен. ​Ал 42 жашта гана болчу… Маркумдун өлүмү тууралуу соттук териштирүү былтыр сентябрда башталган. Бул кылмышка үч киши шектелип, кармалганын ИИМ билдирген, алар:  Эрмек Осмонкулов, Асанэмир Абыкулов жана Заур Насруллаев. Эрмек Осмонкулов (1986-жылы туулган) 2017-жылдын 27-декабрында Бишкектен, Асанэмир Абыкулов 2018-жылдын январында Москвадан кармалганы менен ал Москвадан алынып келе элек. Заур Насруллаев болсо Орусиянын Екатеринбург шаарынан быйыл августта кармалган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.