Акын Бактыгүл Чотурова турмушка чыкты

Акын Бактыгүл Чотурова турмушка чыкты

Мындай жагымдуу жаңылыкты акын Жыпара Исабаева “Фейсбуктагы” өзүнүн баракчасына жазып чыкты.

Досторум, кымбаттуу поэзия күйөрмандары, кымбаттуу кыргыз элим, жакшы жаңылыгым бар! Сүйүнчү! Дүйнөдө дагы бир эки асыл, эки бийик, эки улуу адамды тагдыр кошуп, эки аалам — бир аалам болуп, эки дүйнө — бир дүйнө болуп биригип, мелмилдеген, мелжиген бир улуулукту жаратып… уккан кулакты, көргөн көздү кубантып турган чагы! Кыргыз элинин чыгаан уулу, генерал-лейтенант Калмурат САДИЕВ агабыз менен Кыргыз поэзиянын белгилүү акыны Бактыгүл ЧОТУРОВА эжебизди тагдыр кошту! Элдин эки асылы! Бар болуңуздар, дайыма бирге болуңуздар! Балдардын бактысын, урмат-сыйын бирге көрүп, бактылуу болунуздар!”,-дейт Ж.Исабаева.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.