Атахановдун Батукаев, Атамбаев, Рысалиев жөнүндө айткан ачык маеги…

Атахановдун Батукаев, Атамбаев, Рысалиев жөнүндө айткан ачык маеги…

Кримтөбөл Азиз Батукаевдун түрмөдөн бошотулганы боюнча мурдагы бийликте таасирлүү кызматта отургандардын аты аталып келет. Алардын бири – Шамиль Атаханов. Ал Атамбаевдин убагында вице-премьер-министр болгон. 24.kg сайтына орус тилинде маек бериптир. Аны кыргыз тилине которуп, Alakan.biz сайтыбызга жарыялап турубуз.

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошонгону боюнча ызы-чуу боюнча улам жаңы жагдайлар ачылып келет. Январда Башкы прокуратура бул иш боюнча тергөө амалдарын кайра жандандырган эле. Бир нече врачтар камакка алынды. Ошондой эле жогорку кызматтагы мурдагы жетекчилердин ысымдары да аталууда. Аларга коррупция, жалган документ жасоо, кызматтык жалган жыйынтыктар боюнча күнөө тагылууда. Башкалардын ысымдары менен биргеликте күч органдарына көзмөл кылган мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атахановдун да ысымы аталган эле. Узак убакыт бою үн катпаган Шамиль мырза 24.kg сайтынын суроолоруна жооп берүүгө макул болду.

— Шамиль Эсенжанович, бул ызы-чуу боюнча жооп берүүдө узак мезгилге чейин жооп берүүдөн баш тартып келдиңиз. Эмнеге азыр макул болуп олтурасыз?

— Акыркы кездери менин жана менин уулума карата ушак-айың, карандай калптар жайылып кетип, мындай каралоого киши чыдай албай калат экен. Канчалык калп чектен чыккан болсо, ал ошончолук ишенимдүү болот деген эреже психологиялык жактан иштеп кетет экен. Азыр дал ошондой болуп жатат. Мен жалаң фактыларга таянып сүйлөйүн. Коомчулук окуянын маңызын түшүнгөнү мен үчүн маанилүү. Зарылбек Рысалиевдин жана башкалардын сандырак сөздөрү жоопту талап кылып турат. Рысалиев өзүн жоготуп койгону мен үчүн айкын болуп калды. Акылы ордунда киши “күнөөмдү далилдесеңер, суроо-сопкуту жок эле мени ары каратып туруп атып салгыла” деп айтпайт, андай берене өлкөбүздө 20 жылдан бери жок. Бу киши башкаларга жугунду төгүп, өзүң таза бойдон калбайсың деген принципти унутуп койгон окшойт.

— Кайсыл фактылар жөнүндө сөз болуп жатат?

— Менин уулум боюнча. Азиз Батукаев учуп кеткен учакты Kyrgyz Handling Company-APR компаниясы ээлеген. А уулум Данияр Атаханов ал компаниянын ээси да, аткаруучу кызматкери да болгон эмес. Документтер парламенттик комиссияда. Менин уулум ал учакты тосуп алып, тейлөө жүргүзгөнгө тиешеси бар экени аныкталбады.Түрмөдө жаткан кылмышкерди бошотууга менин уулумдун эч кандай тиешеси жок.

— Сиз күч органдары боюнча вице-премьер-министр кызматын ээлеп олтургансыз. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы сизге карачу эмес беле?

— Вице-премьер – бул өз алдынча кызмат. Ал өкмөт курамына кирген кызматтар менен министрликтердин куратору, аларды көзөмөлгө алат. Бир гана премьер-министрдин тапшырмасы менен гана актыларга кол койгонго же буйрук бергенге укуктуу.

Азиз Батукаевдин бошотуу боюнча коррупциялык схеманын ыкмасы мен вице-премьер болгонго чейин мурда эле жолго коюлган. Муну төмөнкү окуялар көрсөттү.

Батукаевди бошотуу аракети 10 жыл бою жүргөн, болгондо да, кайра-кайра каралып турган.

Башкалардан айырмаланнып, мен эч качан Батукаевди анын тууган-туушкандарын көргөн эмесмин. Ал иштин караганга да себеп болгон эмес, мүмкүнчүлүгүм да жок эле.

Алты жыл мурун парламенттик комиссия бул ишти тыкыр карап чыккан. Анын жыйынтыктары да жакшы белгилүү.

— Анда эмнеге Зарылбек Рысалиев сизди көрсөтүп жатат? Сиз Батукаевдин медициналык кагазын карап, врачтарга тапшырма берген деп айтып жатпайбы?

— Калп менен абсурддун көлөмү чектен чыгып кетти. Ушул эле мисалдан Зарылбек Рысалиевдин акыл-эси ордунда эмес экенин айтып турганына шектенбей калдым. Мен медициналык жогорку окуу жайды эмес, СССРдин ИИМ Академиясын аяктагам. Медициналык кагаздарды окуу – менин ишим эмес. Ал жакта кесипкөй врачтар чаташып калган учурлар болот. Ошондуктан консилиум жана медициналык чечимдердин башка түрлөрүн өткөрүшөт. Ал эми Рысалиевдин айткандары дегеле болушу мүмкүн эмес. Мен вице-премьер болуп туруп, медицинанын куратору болгон эмесмин. Мындан тышкары, вице-премьер-министрден айырмаланып, врач толук процессуалдык көз карансыздыкка ээ жана ошол эркиндиги үчүн укуктук жоопкерчиликти тартат. Бир дагы чиновник врачтын жыйынтыгын өзгөртө албайт, укугу да жок. Менимче, ушакчылардан башкалардын бардыгына чыныгы акыйкат белгилүү.

— Демек, Зарылбек Рысалиевдин жеке сизге кеги бар экен да?

— Балким, себеби да бар. Акыл-эсти тунартып койгон патологиялык жинденүүнүн өз окуясы болот. 2012-жылдын аягында мени Рысалиевдин ордуна ички иштер министри кылып дайындашкан. Ошондо мага “Коопсуз шаар” долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча кытай компаниясы менен болгон 80 миллион долларлык кол коюлган келишим колума тийип калды.

2011-жылы өлкөдө “Коопсуз шаарды” жүзөгө ашырууну мен демилге кылган элем, ошондуктан долбоордун жол-жобосун жакшы билчүмүн. Ушундай долбоорлорду ишке киргизген европалык фирмалар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан. Долбоор боюнча максималдуу сумма 20-25 млн доллардын тегерегинде болуп жатты эле. Ошондуктан асмандан алынган 80 млн долларды көррүп, мен кол коюлган долбоорду Юстиция министрлигине экспертизага жибердим, алар өкмөт жарыялаган конкурсту утуп чыккан компанияны талапка жооп бербейт, келишимди жараксыз деп табышты.

— Феликс Кулов Алмазбек Атамбаев менен болгон сүйлөшүүдөн бир эпизодду келтирди эле. Азыр окуп берейин: “Ага (Атамбаевге) коргоо, коопсуздук жана чегара маселелери боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов келип, Батукаевди республикадан чыгып кетүүгө уруксат берүү керектигине ишендирген деп айтып берди. Антпесе, аны менен башка криминалдык төбөлдөрдүн ортосунда чыңалган абал түзүлүп калат, анын үстүнө Батукаев оорулуу, эч кимди өлтүргөн эмес деген”. Ушул чынбы?

— Президент менен болгон жеке маекти кантип жалпы элдик талкууга алып чыккан, түшүнбөй турам. Эгерде Кулов ал сүйлөшүүнүн диктофондук жазмасы болсо, анда бул далил катары каралган факт кылмыш курамына кирип калат. Эгерде андай болбосо, анда бул өз абийирин жоготкон кишинин ушагы эле болуп калат.

— Андай сүйлөшүү болгонбу? Кулов сизди жаманатты кылып эмне кылат?

— Куловдун ой жорумун сөзмө-сөз келтиргенге аракет кылып көрөйүн: “Ошондо Атамбаев Атахановго: “Эгерде бардыгы мыйзам чегинде болсо, өзүңөр чечкиле” деген”.

Бул топ ээлегендей иште көлөкө түшүрүүдөн башка эч нерсе жок. Мында укуктук талаада карай тургандай мааниси да, логикасы да, каалоосу да жок.

Сөздүн экинчи бөлүгүндө Атаханов өзү эле билип, кое берип жиберген дегендей эле одоно кыйытуу жатат. Кеп тордун ичиндеги көгүчкөндөр жөнүндө сөз болуп жаткан жок да – эшигин ачып, асманга учуруп жибергендей. Кеп түрмөдө олтурган криминалдык төбөл жөнүндө болуп жатат.

Мыйзамга ылайык, өз мыйзамдары, татаал процедуралары бар ондогон ведомствону: сотторду, прокуратураны, медицинанын, ал олтурган түрмөлөрдү ж.б. кыдырып чыгыш керек болот. Бул жерде вице-премьердин орду кайда? Ал кандай чечимдер менен буйруктарга кол койгон? Далил базасы кана? Жок, болушу да мүмкүн эмес.

Кулов өзү муну жакшы билет. Ал азыр жаңы соодалашу менен алек болуп жаткан көрүнөт, ошондуктан бул жерде кенедей да чындык жок.

Мен 2013-жылдын февралынан июнуна чейин вице-премьер-министр кызматында олтуруп, мамлекет башчысынын кабыл алуусунда болгон эмесмин.

— Эмнеге? Кантсе жогорку мамлекеттик кызматта болчусуз да?

— Таарыныч кызматтан маанилүү. Ошондой болуп калды. Биздин ортобуздагы мамилелер бир аз бузулуп калган эле. Ички иштер министри болуп иштеп жатып, мен ИИМдин курамынан ички аскер түзүмүн чыгарып кетүүгө караманча каршы болчумун. Бирок кандай далилдүү аргументтер келтирилбесин, ички аскер түзүмү ИИМден чыгарылып кетти. ИИМдин ардагери катары бүгүн ички аскер түзүмү президент Сооронбай Жэнбеков тарабынан ИИМге кайтарылганына кубанычтамын. Бул жарандардын коопсуздугу үчүн эң маанилүү.

— Сиз мамилеңер чыңалып калганын айтып жатасыз, бирок министр болуп иштеп жаттыңыз, андан кийин күч блогу боюнча вице-премьер-министр болдуңуз го?

— Иш алып баруу уламдан улам кыйындап баратты. ИИМдин кадр саясаты ал учурда толугу менен өлкө башчысынын аппарат жетекчиси, орун басары Икрам Илмияновдун колуна өтүп кетти. Буга макул болбой, кызматымда кетүү боюнча арыз жаздым. Кабыл албай коюшту. Бир айдан кийин вице-премьер министр кызматына которушту, бирок ал учурда бул кызмат маанисин жоготуп койгон.

2013-жылы реалдуу бийлик президенттин аппаратына өтүп кетти. Мен Атамбаевдин айланасындагылардын тизмесинен чийилип калдым. Мен кайрадан өз ыктыярым менен кызматтан кетүү боюнча арыз жаздым, макул болуп, кол коюп беришти.

— Эгерде сиз Батукаевди бошотуу учурунда Атамбаевге кире албай калган болсоңуз, анда эмнеге дале сизди Атамбаевдин айланасындагыларга кошуп жүрүшөт?

— Бул суроого жооп берүү үчүн, колунан бардыгы келген саясатчы болуш керек, бийликте олтурушуң зарыл. Ал жакта көзгө көрүнбөгөн бурганактары бар. Мисалы, өз учурунда ошол эле Рысалиевдин колу менен “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүнө карата мародерлук боюнча иш башталган. Ал кезде, 2012-жылы мен УМККны башкарып турган элем. Иш бизге да келди. Биз колубуздун келишинче берилген материалдарды изилдеп, алтындын жана башка мүлктөрдүн сакталган жерлерди деталдуу изилдедик. Тергөөчүлөр Текебаев менен Болот Шердин катыштыгы боюнча бир да далил таба алышпады. Тиешелүү маалыматты парламентке бердик. Ишти Рысалиев башкарып турган ИИМге өткөрүп бердик.

Анан эле ИИМде “Ата Мекендин” мародерлугу жөнүндө иш башкача боектор менен ойной баштады – саясый сүртүм сүртүлдү. Буга жооп катары “Ата Мекен” Батукаевдин ишин ызы-чуу салып, саясый үн коштоо кылып жиберди. Ушундай сайсый токмоктор чыгып турат.

— Жөндөн жөн эле саясый иштер козголбосо керек. Сиздин оюңузча, мындан ким утат?

— Ким утканын билбейт экенмин. Мен саясатчы эмесмин. Мыйзам утса сонун болмок. Бирок ким утулуп жатканын билип эле турам. Кыргызстандыктар утулуп жатат – мыйзамдан алыс саясый интригалардан тажап бүтүштү. Компотенттүү органдар эч кандай кымгуут салбай, сырткы таасирге алдырбай, толук кандуу тергөө амалдарын жүргүзөт деп ишенгим келет.

Которгон Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.