Азамат СМАНОВ, төрт эмдин атасы: “Жаңы үйгө бир жумадан кийин көчөбүз”

Азамат СМАНОВ, төрт эмдин атасы: “Жаңы үйгө бир жумадан кийин көчөбүз”

Ушул жылдын 25-мартында Бишкектеги № 4 төрөтканада Арууке, Сооронбай, Айчолпон, Акбермет аттуу төрт эм төрөлгөн. Жаш үй-бүлөгө мамлекет башчынын атынан турак жай алуу үчүн 2 миллион сомго сертификат жана эки орундуу эки коляска берилген. Балдардын атасы, таластын кулуну Азамат Сманов үй издеп жүрүп, акыры оюндагыдай там таап, келаткан аптада батирден көчөбүз деп кубанып турган чагы. Кубанычын тең бөлүшүп, маек курдук.

Азамат мырза, балага зар болуп жүрүп, төрт эмдүү болгондо бир кубансаңыз, эми үйлүү болуп сүйүнүп турган чагыңыз экен. Эмнеге алигүнчө батирде жашап жатасыздар? Үй алуу эмне үчүн кечеңдөөдө?

-Балдарыбыз төрөлгөндө президент Сооронбай Жээнбековдун атынан 2 миллион сом сертификат берилбеди беле. Ошол каражатка үй алып, ага бизди жайгаштыруу Өкмөттүн милдети экен. Өкмөттүн аппаратынан Улан аттуу байке мага телефон чалып: “каалаган жериңерден үй издей бергиле, тапканда бизге кабарлап койгула, биз акчасын төлөп коебуз”,-деген. Көп кабаттуу үй салып жаткан компаниялардын баарын кыдырып чыксак, баалары өтө эле кымбат экен. 2 миллион сомго бир бөлмөлүү үй араң дегенде келет экен. Бир бөлмөлүүгө балдарыбыз менен батпайбыз деп эки бөлмөлүү үй издеп, таппай эс ооду дейсиз. Акырында “КG ГРУПП” курулуш компаниясынан таптык. Аталган компаниянын негиздөөчүсү, “КG ГРУПП кайрымдуулук фондунун жетекчиси Имамидин Ташовго кирип, жагдайды түшүндүрсөк, “бир бөлмө бизден белек болсун” деп эки бөлмөлүү үйдү көрсөттү. Аябай жактырдым. Сүйүнгөнүмдөн көзүмдөн жаш чыгып кеткенин да жашырбайм. Ошентип, ойдогудай эки бөлмөлүү үйлүү болдук. Бирок, ал үй жасалгаланып бүтө элек болчу, ошону бүтүрүп жатышат. Буйруса, аркы аптанын башында жаңы үйгө көчүп барабыз го. Үй алышыбыздын кечеңдеп кеткени акчанын жетпегенин улам болду.

— Азыр жашап жаткан жериңерге канча төлөйсүңөр?

— 15 миң сом. Балдарга ылайыктуу болуш үчүн кымбатына карабай шарты бар батирге чыкканбыз. Врачтар дагы ошентип алдын ала айтышкан, «шарттуу жерге чыккыла!»,-деп.

— Балдарды багууга да, батирге да акчаны кантип жеткирип жатасыз? Же жакшы жумушта иштейсизби?

— Жок, кайдан, кара жумушта эле иштейм, курулуш жагында. Туруктуу ишим жок, табылган жерде иштей берем. Жогорку билим алып, бир кесипке ээ болгон эмесмин. Өзүм жетпей калган максаттарга балдарым жетип, бактылуу балалыкта, аман-эсен чоң үйдө чоңоюп, бир кесипке ээ болушун каалайм. Зарлап жүрүп, Кудайдан тилеп алган балдарым үчүн иш тандабайм, табылган жумушка иштей берем. Азыр 32 жаштамын, күч-кубат бар дегендей. Жубайым Нурайым 27 жашта. Экөөбүз төрт жылдан бери бала жытына зар болгонбуз. Кудай төрт жылды эселеп, төрт эсе берди. Балдарым азыр торолуп калды, алар 25-мартта № 4 төрөт үйүндө жарыкка келишти. Улуусу Арууке, анан Сооронбай, Айчолпон, Акбермет. Төртөөнүн салмагы ар башка, баламдыкы — 1 килограмм 700 грамм, Аруукеники – 1 килограмм 420 грамм, Айчолпон менен Акбермет – 1 килограмм 400 грамм. Азыр салмак кошуп калышты, акыбалдары жакшы. Жоош. Болгону ай-күнүнө жетпей, 7 айлык болуп төрөлүп калышты. Ошондон улам азыркыга чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө, алар дүйшөмбүдөн жумага чейин келип, балдардын саламаттыгын карап турушат. Эс алган күндөрү болсо телефон чалып, акыбалдын сурап турушат. Ак халатчандарга жана апаларыбызга ыраазыбыз, алардын жардамы менен балдарыбыз торолуп келатат. Төрт баланы багуу оңой эмес да, апам менен кайын энем алмак-алмак келип каралашууда. (Күлүп) Түнкүсүн мен каралашып калам. Уулумдун ысымын апам койгон, өлкө башчыбыздай эл керегине жараган эр-азамат болсун деп Сооронбай деп атады.

Төрт эм болоорун билдиңиз беле?

— Жок, билген эмесмин. Алгач УЗИге келинчегим түшкөндө эгиз дешкен, кийин түшкөндө үчөө дешти, анан эле төртөө дешти. Угуп алып аябай кубанып, көпкө чейин өзүмө келе албай жүрдүм. Төрөлгөндө апам кубанганынан ыйлап жиберди. Азыркыга чейин жашып кетет. Апам сүйүнгөндө жашып кетет. Атам тирүү болгондо атам да аябай кубанмак экен, аябай эле эрте бул дүйнөдөн өтүп кеткен. Апам 53 жашта. Беш бир тууганбыз. Эжем, карындашым, инилерим бар. Балдардын улуусу болом. Баары сүйүнүп, жардамдашып жатат. Таяке, жээндерге чейин кубанып жүрүшөт. Алар да үйдү сурап жатышат.

— Ырчы Урмат Үсөновду бир тууган таякеси деп уктук. Чынбы?

— Ооба, таякелерибиз болуп кетет, бирок, бир тууган эмес.

Тукумуңарда эгиздер барбы?

— Ооба, мурунку муун эмес, кийинки муунда, жаштарда бар. Келинчегим жакта да эгиз туугандар бар.

Маектешкен Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.