Элчи Эрдогандан «коркуп», ооз ачаардан кетип калганбы?

Элчи Эрдогандан «коркуп», ооз ачаардан кетип калганбы?

Үч күндөн бери Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фыраттын ооз ачаардагы таарынган тасма коомдун көңүл борборунда. 8-майда Муфтият көрүнүктүү адамдарды ооз ачарга “Дасмия” ресторанына чакырган. Анда Фырат “чыр” чыгарып, кетип калган. Андагы окуя боюнча кечээ Муфтият жооп берсе, бүгүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Хами Аксойдун билдирүү таратты.

Билдирүүгө караганда, Кыргызстандагы FETO (ФЕТО) башчыларынын ал жерге чакырылганы кабыл алынгыс нерсе. Аларды байкаган Түркиянын Кыргызстандагы элчиси ага жараша мамиле кылгандыгы жана ал акыйкат болгону баса белгиленген.

Ушинтип кыска, нуска гана жооп беришкен. Толук маалымат алам десеңиз, ФЕТО деген эмне экенин билгиңиз келсе жана элчинин эмнеге андайга барганын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.