Акундун «бомбасы»: «Батукаевди чыгаруу боюнча мен эмес, Атамбаев камалышы керек!» (АУДИО)

Акундун «бомбасы»: «Батукаевди чыгаруу боюнча мен эмес, Атамбаев камалышы керек!» (АУДИО)

Оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Алты жыл өткөндөн кийин бул иш козголуп, андагы бийликтеги таасирлүү кызматта отурган адамдардын аты аталып, түн уйкудан калууда. Айрымдары актанып маек берсе, алдылары камалууда… Бул ишке андагы акыйкатчы Турсунбек Акундун да аты аталып жүрөт. Аны кечээ айрым журналисттер «бомба жарат» деп жазып чыгышкан. Бүгүн бир журналист суроо берсе, ал «мен эмес, эң биринчи Атамбаев камалышы керек!»,-деп экс-президенттин атын атаптыр.

Турсунбек Акундун ачууланган АУДИОсу төмөндө:

Ушу менен Атамбаевдин атын экинчи киши атады. Мындан эки жыл мурун Өмүрбек Текебаев атаган болчу. Аны бу жердеги ВИДЕОдон көрсөңүздөр болот.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.