Атактуулар окуган № 5 мектептин статусун директор өзгөрттү. Эмнеге?

Атактуулар окуган № 5 мектептин статусун директор өзгөрттү. Эмнеге?

Учурунда кыргыз интеллигенциясынын 90%ын окуткан №5 мектеп-гимназия 90 жылдык тарыхында бир кыйла өзгөрүүнү көрдү. Жакынкы эле жылдарда англис тилин тереңдетип окуткан физика-математика багытындагы мыкты мектеп болгонун билебиз. Эми ушул окуу жылын Профессор А.Молдокулов атындагы №5 Улуттук компьютердик гимназия катары аяктап, келээрки жаңы окуу жылын А.Молдокулов атындагы №5 Инновациялык технологиялар мектеп-лицейи катары баштаганы турат. Бул иш кандай башталган, эмнелер түрткү болгон, дагы кандай жаңылыктар болуп жатканын 2017-жылы мектеп директору болуп келген Касымалиев Муратбек Үсөнакунович менен болгон маегибизде уланталы…

 — Муратбек Үсөнакунович,  биз билгенден, сиздин жетекчилигиңизде бул мектепте экинчи окуу жылы аяктап жатат. Дегеним, 11-класстар үчүн акыркы коңгуроо кагылчу 25-майга саналуу күн калды. 2018-2019-окуу жылын кандай жыйынтыктадыңар?  Канча окуучу уядан учуп, канча бала мектеп босогосун аттаганы жатат?

— Бул жылы 11-класстан 6 класста 108 бала бүтүп жатат. Кимиси кайсы окуу жайына барат, кандай кесипти тандайт, мезгил жана жалпы республикалык тестирлөө жыйынтыгы көрсөтөр. Өзүбүздүн мектептин тестирлөө жыйынтыгы менен алтын тамга кызыл аттестатты алуу аныкталды. Ал эми балдарды мектепке кабыл алууга келсек, бул чоң маселе. Биздин мектеп 1226 балага ылайыкталып салынган, а учурда 3187 окуучу окуп жатат. Мындай көрүнүш бир эле бизде эмес, бардык мектепте бар. Себеби, мектеп жетишсиз, ошондон улам аргасыз ашыгы менен алып, окутуп жатабыз.

Президентибиз Сооронбай Шарипович ушундай шаар ичиндеги мектептердеги жүктөмү көп болгон проблеманы чечүү максатында кошумча окуу корпустарын куруу проектисин иш жүзүндө колдоп жай мезгилинен баштап аталган мектептерди куруу иштери башталганы турат. Ушул ишке ашып кетсе, биздин мектеп дагы өзүнүн баштапкы көрсөткүчүнө — 1226 балага келет деп ойлойм. Азырынча балдарды 1-класска кабыл алууну азайтып, класстардагы окуучулардын санын этап менен кыскарталы деп жатабыз. Бул жумуштар билим сапатына баййланыштуу болот. Эгерде Улуттук тестирлөө борборунан алынган баалоонун жыйынтыгы боюнча талапка жооп бербесе. 2016-жылы 8 класс алынган экен. Мен келген жылдан (2017-жылы) акырындап азайтып отуруп 4 класс калды. Быйыл да бир класс кыскарттык, үч класска 30тан 90 бала алалы деп турабыз. Негизи стандарт боюнча бир класста 25 окуучу болуш керек. Балдардын көптүгүнө байланыштуу ашыгыраак алып жатабыз. Өз учурундан окутуу процессине өз кедергисин тийгизип билим сапаты төмөндөп жатат.

— Класстарды азайтсаңыздар, окуучу саны да чектелүү экен, кантип тандаганы турасыздар?

— Былтыртан бери балдарды аңгемелешүү жолу менен мектепке кабыл алуу системасына өткөнбүз. Документтерди кабыл алуу башталды, 6-майдан 24-майга чейин жүргүзүлөт. 27-майда бала логопед менен психологдун аңгемелешүүсүнөн, кийинки күнү мугалимдин аңгемелешүүсүнөн өтөт. Тагырагы, балдар эки тандоонун жыйынтыгы менен кабыл алынат: биринчи күнү бала ата-энесинин катышуусу менен алгач сүйлөө речи боюнча логопедден, психологдон өтөт. Кийинки күнү предмет боюнча баланын ата-энесинин катышуусунда сурамжылоо жүргүзөбүз. Ушундан кийин рейтинг чыгарылып, бала мектепке кабыл алынат.

— Класс кыскарган сайын мугалимдер да кыскарат, жумушсуз калат. Мугалимдер нааразы эмеспи?

— Ооба, класс кыскарган сайын мугалимдер да кыскарат. Учурда 167 мугалим бар. Мугалимдерге заманга жараша заманбап компьютерди колдонуу жана окутууну үйрөтүп жатабыз. Ал эми заман талабы ушундай, ар бир мугалим маалыматтык система менен иштегенди билүүсү зарыл. Маселен, электрондук окуу китебин түзүү, электрондук окуу китебинин ичинде динамикалык компьютердик тесттин варианттарын түзө билиши абзел. Бул максатта, ИКТ (информациялык-коммуникациялык технологиялардын) компетенциясы деп коебуз, ошол аркылуу мугалимдерди текшерип, жыйынтыгын чыгардык. Айрым мугалимдер компьютерди окуу процессинде колдонгонду жакшы билбегендиктен атайын курстарга барып үйрөнүшүп акыркы жылы жакшы өздөштүрүштү десем жаңылышпайм. Анан ата-энелерден  сабактын сапаты боюнча түшкөн доомат каттар түшүп калат. Ошолордун негизинде, анан социалдык педагог жана психолог тарабынан түзүлгөн атайын багыттагы тесттер дайындалган, ал боюнча окуу жылынын ичинде бир нече жолу тест өткөрүшөт да, ар бир мугалимдин рейтингин аныктап чыгышат. Анан эмгек келишими боюнча, эгер  рейтинги төмөн, берилген сабактын сапатына даттанган ата-энелер көп болуп, сабактын мазмуну тереңдетилип  жакшы өтүлбөсө – баарын чогултуп келип, жыйынтыгында мугалимге айтабыз, «эмки окуу жылында эмгек келишимин түзө албайбыз» деп.

— Сиз келгенде эки завуч иштен алынып, соттошдуңуздар, буга ИКТ себепкер болдубу?

— Ырас, ИКТ компетенциясы төмөн иштөө темптери туура келбегендиктен (мисалы, сайтка жайгаштыра турган электрондук материалдарды 3-4 күн кечиктирип берип жатышты, электрондук таблицада, электрондук почта менен иштегенди, жөнөкөй флешканы антивируска текшергенди билишпейт), мен келгенде эки завуч иштен бошоду. Аларды сотко мен эмес, алар мени беришти. Мыйзам чегинде өздөрүнүн укугун коргошту. Аягында сот мыйзамдуу бүтүм чыгарды. Алдын ала аларга айттым, “өз кесибиңер менен иштеп кала бергиле”,- деп. Соттун чечиминин негизинде “кызматты өткөрүп бергиле” деп, бири математика, бири англис тилинен сабак беришчү, мугалим болуп калууну сунуштадым. “Завуч болуп он жылдан ашык иштедик, өз кызматыбызды берсеңиз гана калабыз” деп макул болушкан жок.

— Мурунку директорлордон мугалимдерге өзгөчө тандообуз бар дегенди көп уктук эле. Азыр кандай, ишке алууда тааныш-билиш жокпу? Кандай критерий менен тандап аласыздар?

— “Тааныш-тууганды укпайын” деп башынан айткам,андыктан “ишке алып коюңузчу” деп мага кайрыла алышпайт. Баарыбыз билебиз, мугалимдик кесип – өтө жооптуу иш. Окуучулардын билим сапаты да мугалим мыкты болсо, мыкты болот, начары начарлатып жиберет. Андыктан мугалимдерди жөн эле ала бербейбиз, алгач психологдон аңгемелешүүдөн өткөрөбүз, анан сабак бердиртип көрүп, мыктысын тандап алабыз. Керек болсо иштеп жаткандар, өзүнөн күчтүү мугалим келсе, ордун бошотуп берүүгө даяр. Мындай маселе профсоюздук уюмда чогулушта каралып, мугалимдердин макулдугу “Жамааттык келишим” түзүлүү менен төмөндөгүдөй чечилген:

2.5.  Жумуш берүүчү УКГ  критерийлерине (адистер ММК аркылуу жарыялоо аркылуу тандалып алынат) жооп бербеген кызматкердин ордуна эмгек келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу менен жогорку деңгээлдеги квалификациялуу адисти кызматка кабыл алууга укуктуу:

а) пенсиялык курактагы – эркектер 63 жаштан жана аялдар 58,8 жаштан баштап;

б) окуткан предмети боюнча компетенттүүлүгүнүн төмөнкү деңгээли аныкталганда;

в) түздөн-түз функционалдык милдеттерин системалуу түрдө бузганда.

Алардын эмгек келишимдерине жазылып, кол коюлду. Күчтүү мугалим келсе ушундай текшерүү жумуштарынын жыйынтыгы менен ишке келе алат.

— Мугалим менен конфликт болгон учур болобу?

— Албетте, туура эмес иш жасаганда конфликт болуп калат. Мисалы, бир математика мугалимин ката кетиргендиги үчүн иштен бошотконго аргасыз болдум. Контролдук текшерүүдө туура эмес текшерип коюшкан. Жогоруда айттым го, мугалим күчтүү болсо, окуучунун билими дагы жогорку деңгээлде болот деп, андыктан максатыбыз — балдардын билим сапатын көтөрүү, өнүктүрүү жана өз алдынча окуу электрондук материалдар менен иштөөгө үйрөтүү.

Мен өзүм деле мугалиммин, педагогиканын тили менен айтканда, билим берүүнүн продуктивдүү, репродуктивдүү, анан чыгармачылык менен окутууга багытталган окуу материалдарынын деңгээлдери менен окутуу ыкмалары болот. Мугалим балдарга кандай билим берип жатканы маанилүү. Маселен, эгер мугалим өзү түзгөн материалдарды, компьютердик тестирлөөдөгү тапшырмаларды 100 пайыз кайра кайталай албаса, анда бул ошол окуу материалы, ошол тесттин суроолору  толугу менен мугалимдин түшүнүгү аркылуу өткөн эмес болот.

— Электрондук окуу китептерин түзүүнү мугалимдер кандай жөндөп жатышат?

— 1-класстан 11-класска чейин электрондук окуу китептерин жасайбыз деген милдет мугалимдердин алдына башынан эле коюлган. Башталгыч класстардын окуу-методикасы жогорку класстарга караганда кичине башкачараак. Себеби,  ал жерде иллюстративдик материалдар көп. Ошон үчүн аны түзүү үчүн жардамчы компьютердик программалар керек. Башталгыч класстардын мугалимдеринин баары эле компьютердеги программалык каражат менен тааныш эмес, үйрөнүп жатышат. Ар бир сабактын иштелмесин электрондук вариантта иштеп чыккыла, күнүгө кагаз түрүндө план-конспект жазбай, электрондук вариантын көрсөткүлө деген да талапты карманганбыз. Электрондук вариант деген, биринчиден, бул мугалимдин убактысын үнөмдөйт. Экинчиден, мугалим мурун иштелип чыккан электрондук вариантына чыгармачылык менен дагы бир жаңылыктарды, табылгаларды кошуп улам толуктай берет. Сабактын иштелмеси канчалык жакшы болсо, сабак ошончолук жогорку деңгээлде өткөрүлөт. Мен билем, бизде мугалимдердин  билими жетиштүү деңгээлде.

— Башталгыч класстарда англис тилин окутуу ойдогудай болбой жатканын уктум. Бул предмет боюнча мугалимдер жетиштүү эмеспи?

— Мугалимдер жетиштүү эле. Тажрыйбалуу эки мугалим чет өлкөгө кетип калганына байланыштуу алардын ордуна эки жаш мугалим алганбыз. Бир окуу жыл ичинде тажрыйба топтошуп сапаттуу билим бергенге жетишет деген ишеничим бар. Англис тилин окутууда бизде Охфорд тарабынан түзүлгөн программа менен окушат. Бул окуу китеби эки бөлүмдөн турат: 1) Мугалимдер үчүн методикалык колдонмосу (сабактын методикалык иштелмеси); 2) Окуучулар үчүн окуу китеби. Эки окуу китептеринин артыкчылыктары видео, аудио сабактары менен коштолгон окуучулар өз алдынча билим алуусуна, алган билимдерин электрондук китептин ичинде текшерип алууга компьютердик тесттер жасалган.

— Ата-энелерден жыйналган взнос, сиздер ыктыярдуу жардам дейт экенсиздер, жаңы окуу жылында каралганбы? Билишимче, Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгы, Билим берүү министрлиги, атүгүл өкмөттөн жыйналбашы керек деп билдирип чыгышты. Бирок 3500 миңден 5000ге көтөрдү деп ММК беттерине жарыяланып ызы-чуу чыкты эле сиздерде. Ал акчалар эмнеге жумшалчу? Суммасын билсек болобу?

— Чынын айтканда, ата-эненин жардамысыз мектеп өнүгө албайт. Бирок, аларды кыйноо, мажбурлоо жок, ыктыярдуу каалоолору менен фондго акча чогултулат. Ата-энелердин демилгеси менен профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө арналган “Коомдук бирикме” түзүлгөн, ар бир класстын ата-энелери сүйлөшүп класстын кандай кем-карчылары болсо бир жылга суммасын аныктап алып иштешет. Азыркы учурда 67 окуу классы бар анын 18 классына видеобайкоо коюлган. Ушул жылы бардык класстарга видеобайкоо түзүлүштөрүн орноштуруу боюнча талкууга алынып чечиле турган болду. Мектеп тараптан эч качан мынча сом төлө деп бир ата-энеге айтпайбыз. Эң башкысы көрсөтүлгөн жардам Гимназиянын өнүгүүсүнө жумшалып ачык айкын отчеттор берилип турса болду. Ооба, былтыр ноябрда фондго акча чогултуу боюнча ар кандай сөздөр башталгандыктан, мен педсоветтин чечими менен “Коомдук бирикменин” иши убактылуу токтотулган.

— Кароолчунун айлыгына деп ошол фонддук акчадан бөлүнөрү каралган экен. Бирок, мектеп кире беришинде күзөттө окуучулар эле отурганын көрдүм. Кирген-чыккан жөн адамды каттаган киши жоктой…

— Кароолчулардын айлыгын төлөй албай жатабыз. Кароолчу кечинде эле келет. Эртеден кечке туруп 5 миң сом алганга эч ким келбейт да. Аларга айына минималдуу 12 миң сом төлөп беришибиз керек.

— Сиздерге шаар бюджетинен эмес, Республикалык бюджеттен каражат бөлүнөт да, туурабы? Жылына канча акча бөлүнүп, ал эмнеге жумшалат?

— Мамлекеттик бюджеттен жатакана окуучуларына, тамак-ашка, мугалимдердин айлыгына акча бөлүнөт. Бөлүнгөн каражат мектептин ар кандай муктаждыгына кетет. Мына быйыл окуу жылына акыркы үлгүдөгү заманбап 95 компьютер алдык. Мурда мектептин компьютердик техника менен жабдылышы талапка жооп берчү эмес. Бардык тарабынан эскилиги жеткен компьютерлерди пайдаланып келгенбиз, азыр баарын жаңылап алдык. Мугалимдерди үйрөтүп алганга, электрондук окуу китептерин түзгөнгө деп, мурда Ресурстук борбор деп аталчу, Мультимедиалык лаборатория борбору деп биз кайра түздүк. Ошол жерде компьютерлер бар, интернетке туташтырылган баары. Ушул ишке “Газпром-Кыргызстан” компаниясынын башкы директору, биздин мектептин бүтүрүүчүсү Абилдаев Болот Эралканович жакшы көмөк көрсөттү.

— Гимназиянын компьютер менен жабдылышын компьютердик деген статусун актагыдай эмес экенин айтып жүрүштү эле, мектеп чарбачылыгын жаңылап жакшыртыпсыз да?

— Ооба, компьютердик гимназия деп аталганы менен компьютердик техника менен камсыз болушу, жабдылышы талапка эч жооп берген эмес. Мен келген учурда 4 компьютердик класс, болжолдуу 48 компьютер бар болчу.  Мамлекеттик стандарт боюнча, 1 компьютердик класста 13 компьютер болушу керек.  Бирөө мугалимдики, калганы — окуучуларга. Анан бардыгы локалдык түйүнгө киргизилиши керек  болсо, бул мектепте кээ бири локалдык түйүндө иштеп, кээ бири иштебей эле келген. Компьютерлер бардыгы 2006-жылдан берки экен. Текшерүү жыйынтыгы менен 30%ын жараксыз деп тапканбыз. Ошондо компьютердик класстарды, компьютерлерди акырындык менен алмаштырууну максат кылган элем, буйруса, ишке ашып жатат.

— Иш тажрыйбаңызда №5 мектеп мектеп менен иштешүүңүздүн алгачкысыбы?

— Жок. Кесибим – информатика мугалими. Жогорку окуу жайды бүтүргөндөн кийин мектепте 4 жыл иштедим, 2 жыл завуч болдум. Математика, информатикадан сабак бердим. Нарын облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунда информатика кабинетин башкарып, кийин Республикалык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтуна которулдум. Анан аспирантураны бүттүм.

«Орто мектепте компьютердик технологияны колдонуп окуучулардын окуу ишмердүүлүктөрүн жекелештирип дифференциялап окутуунун методикасы”деген илимий темам бар эле, ошону педагогика илимдеринин доктору, математик Бекбоев  Исак Бекбоевичтин жетекчилиги астында жактадым. Кийинки илимий  темам «Мектептерде информатиканы окутуунун окуучулардын жеке мүмкүнчүлүктөрүнө карап тапшырмаларды дифференциялап окутуунун методдору дидактикалык негизде» деген аталышта болду. Азыр Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү орто мектептеринде информациялык билим берүүчү системаны калыптандыруу жана колдонуу” деген докторлук темада иштеп атам. Бул болсо биздин гимназиянын илимий темасы. Орто мектептерде 7-9-класстарга информатиканы окутуу боюнча окуу китебинин авторлошумун. Кыскасы, илимий ишим да, кылган жумушум да мектеп, мектептердин информатика мугалимдери менен байланышта келатат. Мектептердеги окутуу системасын жакшы билем. Бул мектепке келгеним да ошол себептен. Мектептеги окутуу процесси кандай система менен жүргүзүлөт – тааныш болбосом, билбесем келбейт элем.

— Билесиз да, мектеп директорлорун бир жерде 6 жылдан ашык иштебесин, мөөнөтү бүткөндө ротация болот деген чечим бар экенин…

— Мен кызматка жармашпайм. Мен бул жерге акча же пайда табуу максат үчүн келген жокмун. Бишкек шаарындагы Улуттук компьютердик гимназияда (мурунку аталышы №5 мектеп гимназиясы) окутуу уставында көрсөтүлгөндөй Республика боюнча региондордон таланттуу балдарды чогултуп окутуу мектеби болгон. Биринчи максат билим берүү мыйзамынын 2015-жылкы редакциясында жалпы билим бекрүүчү орто мектептердин Гимназия деген аталышы гуманитардык багыттагы предметтерди окутууга багытталган жана Лицей аталышына ээ болгон мектептер табигый илимдерди окутууга арналган мектептер деп так жазылган. Ошого байланыштуу мектептин статусун өзгөртүү болду. Андан кийин предметтер боюнча электрондук окуу китептерин иштеп чыгуу, электрондук мектепти ишке киргизүү. Менин бир эле максатым – канча убакыт болбосун, компьютердик гимназиянын деңгээлин бийикке көтөрүү. Көздөгөн деңгээлибизге жетсек – ийгилигим ошол болот.

— Бул мектепке келүү өз каалооңуз болдубу же сунушташтыбы?

—  Бир жылдары Россиядан орус окумуштуулары Россиянын Илимдер академиясынын мүчөлөрү, Россияда информатика боюнча окуу китептеринин авторлору, өздөрү мектепте иштеген илим докторлору Кыргызстанга илимий конференцияга келишип, “мектепти карап көрсөк болобу?”,- деп сурап калышты. Мен аларды мейманканага узатып коюп, Улуттук компьютерге келсем компьютердик класстардын абалдары начар, мугалимдер менен сүйлөштүрөйүн десем баары эс алууга кетип калыптыр. Россия окумуштууларынын тажрыйбаларын-жетишкендиктерин карап, патриоттук бир сезим пайда болгон, «Эмнеге бизде болбосун? Эмне үчүн ушул компьютердик гимназия информатиканы окутууну жогорку деңгээлге көтөрө албай жатат?» деген суроолор жаралган. Кийин бир “Компьютердик гимназиянын өнүгүү перспективалары” деп 7 барактан турган өз оюмду жаздым эле. Ошол кагаздын негизинде министрликтен чакырып, оюмду угушту. Билим берүү министри  Кудайбердиева Гүлмира Каримовна жактырып, колдоп, ушул мектепти жетектеп, өнүктүрүп иштеп берүүнү сунуштады. Азыр ушул максатта болгон күчүмдү жумшап жатам.

— Электрондук окуу китептери, электрондук мектеп келгендеги багыттарыңыздын бириби?

— Алар бул жакка келгенимдин негизги багыттары. Биринчи – электрондук окуу китептерин түзүү; экинчиден, ошол электрондук окуу китептерин  электрондук окуу мектебине өткөзүү. Бул жерден мындай үч бурчтук пайда болот: мугалим – ата-эне – окуучу. Ушул үч бурчтукту биз жакшы иштетип алсак, билим берүү сапаты көтөрүлөт деген дидактикалык окутуунун максатын койгонбуз. “Электрондук китептерди жазып, окуучуларга берсек, алар окуу материалдарын мугалимдерден көз карандысыз өз алдынча кантип колдоно алат, кантип өз алдынча даярданса болот” деген суроо менен түйшөлүп, ошону ишке ашыруу үчүн алгач компьютердик электрондукокуу китептерине ылайыкталган информациялык системаны тандадык. Информациялык система деген — бул өзүнчө комплекстүү бир программа, компьютерде иштей турган программалык каражат. Компьютерде окуучуларга керектүү окуу китептеринин баарысынын аудио, видео тиркемелери бар болот. Окуучу өзүнө керектүү теманы жүктөп алып, үйдөн эле компьютердик тестирлөөдөн өтүп, өзүн-өзү текшерет. Жогорку баа алмайынча кайталап отура берет жана мугалимдердин жардамысыз эле өз алдынча өзүн-өзү өнүктүрүп даярдайт. Бул жердеги көйгөйлүү маселе – идентификация. Тагырагы, чын эле ошол иштерди окуучу өзү жасадыбы же бирөөнүн жардамы менен болдубу дегенди аныктоо. Биз аны окуучу мектепке келгенде компьютерге отургузуп тесттен өткөзүп ылдам эле текшерип коебуз. Жооптору анча-мынча айырма менен же жогору, же төмөн болуп билинип калат. Анан ата-энелерге дагы бир жакшы жаңылыгыбыз: электрондук журнал жана электрондук күндөлүктү киргизебиз. Ата-энелер окуучулардын журналдагы жана күндөлүктөгү күнүмдүк бааларын мугалимдерден сурабай интернет сайттан смартфондорунан да көрө алышат. Бул системаны кыргыз, орус, англис тилинде киргизсек деген тилек бар. Ага бир жарым миллион акча кетет экен. Каражат чечилип калса, толук ишке ашырабыз.

— Анан кылынган иштердин жыйынтыгы кандай?

— Педагогикада мындай деген эң чоң суроо бар эмеспи: эмнеге, анан кантип окутабыз деген. Бул маселеде билим берүү мекемеси, биринчиден, компьютердик окутуу каражаттары,компьютердик техника менен камсыз болушу керек. Анан аларды оптималдуу колдонушу абзел. Компьютердик техникабызды жаңыладык, электрондук окуу китептерин түзүү, анан электрондук мектепти ишке киргизүү иштери жасалып жатат. Максаты – ата-эне, окуучу, мугалим деген үч бурчтуктун ортосунда терең, тыгыз байланышты түзүү. Ошонун үстүндө иштеп жатабыз азыр. Биринчи этап аткарылып жатат. Экинчи этапта, Кыргызстанда АVN деген компания бар. Андагы балдар жогорку окуу жайлары үчүн электрондук ЖОЖ деп информациялык система түзүшкөн. Ошол балдарды чакырып, «силерде бардыгы даяр турат, ошону электрондук мектеп кылып жасап чыгалы» деп   талкуулап чыктык. Долбоору бүттү, канча каражат кетери эсептелип чыкты. Биринчи №5 Улуттук компьютердик гимназиянын базасында ошол информациялык системаны апробациядан өткөзүп, Кыргызстандын бардык кыргыз тилдүү мектептерине таратабыз деп жатабыз. Каржылоо маселеси чечилип калса, андан ары улантып иштеп баштайбыз. Муну менен аткарчу иштердин экинчи этабы, кудай буйруса, аткарылат.

— Бул процесске 1-класстан 11-класска чейин камтыйсыздарбы? Же жогорку класстар элеби?

— Электрондук окуу китептери 1-класстан 11-класска чейин жасалат. Мен келгенде эле мугалимдерге ушундай милдет койгом. Ооба, башталгыч класстардын окуу-методикасы жогорку класстарга караганда кичине башкачараак. Себеби,  ал жерде иллюстративдик материалдар көп, аларды түзүү үчүн жардамчы программалар керек. Башталгыч класстардын мугалимдеринин баары эле компьютердеги программалык каражат менен тааныш эмес. Үйрөтүп чыгуу талап кылынгандыктан, бул процесс жайыраак жүрүүдө. Анан ар бир сабактын иштелмесин электрондук вариантта иштеп чыккыла, күнүгө кагаз түрүндө план-конспект жазбай, электрондук вариантын көрсөтөсүңөр деген талап бар. Мунун зыяны жок, биринчиден, бул мугалимдин убактысын үнөмдөйт. Экинчиден, мугалим мурун иштелип чыккан электрондук вариантына чыгармачылык менен дагы бир жаңылык-табылгаларды улам кошуп толуктай берет. Сабактын иштелмеси канчалык жакшы болсо, сабак ошончолук жогорку деңгээлде өткөрүлөт.

— Гимназияны лицей кылуугада жогорудагы өзгөрүүлөр себеп болдубу?

— Эгерде билим берүү мекемеси гимназия деп аталса, гуманитардык багыттагы, ал эми лицей деген сөз болсо —  табигый-математикалык багыттагы окуу-билим берүү мекемеси болушу керектиги мыйзамда жазылган экен жогоруда айтып кеткендей.  Анан, мындай бир түшүнүк бар да, модифицирленген  окуу планы менен окуу, анан автордук окуу программасы деген. Анализдеп карап көрсөк, мектепте окуу жылына иштелип чыккан модифицерленген окуу программасы Кыргыз билим берүү академиясынан бекитилбей эле окуу процесси жүрүп келген. Бул окуу процессин жүргүзүү боюнча бардык мыйзамдарга туура келбейт. Кайсы программа менен окуп жатканы дайынсыз. Мен келгенде эле, окуу программаларын  тактап чыктык, Кыргыз билим берүү академиясынан бекиттик. Эки предмет бар экен, немис тили жана кытай тилин окутуу  деген, И. Арабаев атындагы университет  менен сүйлөшүп, тактап өткөзүп алдык. Мугалимдин электрондук окуу китептерин түзүү, предметтер боюнча өзүнүн даярдыктары болбогондуктан алгач кафедра башчыларын чогултуп, аларды биринчи үйрөтүп, арасынан компьютерлерди жакшы билген мугалимдерди тандап, алар аркылуу мугалимдерди үйрөтүү процесстерин жүргүздүк. Лицей аталышына которуу үчүн мыйзам чегинде документтердин бүт баарын, жоболорун, өнүгүү концепциясын дайындап, бүтүрдүк. Эми физика-математика багыты күчтөндүрүлөт.

— Ошондо бир учурдагы багытына кайтып барат экен да. Билишимче, бул мектеп учурунда англис тилин тереңдетип окуткан физика-математика багытындагы күчтүү мектеп болчу?

— Мектептин мурунку жетекчилери кандайдыр бир себептер менен гимназия деген сөздү негиз кылып алышып, математика класстары бар, бирок гуманитардык багытта көбүрөөк саат берип келишкен. Себеби, билим берүү мыйзамы боюнча гимназия компоненти 5 класстан башталат. Жобо боюнча бул мектепке аймактардан таланттуу балдар чогултулуп келип окутулмак. 200 орундуу жатаканасы бар. Анын каражатын мамлекет камсыздайт. Бул идея меники эмес, Союз мезгилинде эле ошондой болчу, ошону эле кайра калыбына келтирип жатабыз. Үстүбүздөгү жылдын 4-мартында статус боюнча өкмөттүн токтому чыкты. Окуу жылын гимназия менен аяктап, күзүндө жаңы – профессор Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук Инновациялык технологиялар мектеп-лицейи деген аталыш менен окуу процессине киришебиз.

6-майда атайын Гимназия күнүндө чоң майрамдык иш чара өткөрдүк жана мындан аркы окутуу иштери жаңы статус менен уланарын келген конокторго, окуучуларга, педагогикалык коллективге айтып бердик.

Аа жакшы экен. Имараттын абалычы, оңдоо-түздөөгө муктаждай сезилет го?

— Бул имарат 1980-жылы курулган. 39 жыл болуптур. Бардык түтүктөр чирип кеткен экен, былтыр кышында жарылды. Билим берүү министрлигине билдирсек, министр өзү келип, көрүп, канча акча каражаты кетээрин билүү үчүн смета түзүп аныктагыла деген сунушун айтты. Ремонтко кетүүчү акча каражатына смета түзүлүп, бөлүнгөн каражатка ноябрдан январдын башына чейин негизги корпустун жылуулук системасын алмаштырдык. Терезе-айнектерден шамал кирип, балдарга суук болуп жатат. Ага да 18 млн.сом каралган, өкмөттөн кол коюлуп чечилсе эле терезелер алмаштырылат. Быйыл баш-аягы 24 млн сомдук ремонтко смета түзүлүп иштер жүргүзүлөт.

— Айтмакчы, ашканадагы тамак-аш сапаты да орчундуу маселелерден экен. Ата-энелерди да, окуучуларды да канааттандырбагандай?

— Ар бир балага 60 сомдон төлөнөт. Тамак-аш боюнча Жогорку Кеңеш депутаты Рыскелди Момбеков да парламентте айтты. Бул депутаттын балдары бизде окуйт. Мектептин атынан официалдуу кайрылуу жасалды кат жүзүндө. “120 сомго көтөрөбүз” деп айтылган, Өкмөттө каражат жок болгондуктан, азырынча бөлүнө элек. Келечекте, балким, күзүндө 60тан 120 сомго көтөрүлсө, тамактын сапаты мыкты болот деп ойлойм.

— Бул мектеп мен-мен деген кыргыз интеллигенциясынын көбү бүткөн куттуу мектеп. Арасында мектептин ремонтуна эмес, бир мектеп салып берип койгудай инсандар бар. 10, 20, 30 жылдык деп мурунку бүтүрүүчүлөр да келишет, көмөк көрсөтүшөбү?

— Ооба, чындыгы ошондой, куттуу мектеп. Бул мектепти бүтүргөн эл мыктылар жардамдарын аяшпайт. Маселен, “Газпром-Кыргызстандын” башкы директору Болот Абилдаев 20 компьютер алып берди. Башка бизнесмендер 20 компьютер алып келип берди. Президентибиз Сооронбай Жээнбеков жазында мектепке келгенде 300 миң сомдук сертификат тапшырып кетти. Ал акчага да компьютер алдык. 10,20,30 жылдык деп келгендер да куру келишпейт. Былтыркылар ноутбук, колонка алып беришти. “Кем-карчыңар болсо, 100 миң сомго чейин жардам беребиз” деп атышат. Биз “фотоаппарат алып бергиле” деп атабыз. Дагы бир жакшы жөрөлгө: мурунку бүтүрүүчүлөрүбүздөн келип, ар жылдагы бүтүрүүчүлөрүбүзгө чет өлкөлөрдөгү окууга кантип тапшыруу керек, эмнелер талап кылынат сындуу кеп-кеңешин айтып байланышып турушат.

— Биздин учурда тест деген түшүнүк жок эле. Азыр тестирлөө кадимки иш болуп калды. Канчалык натыйжалуу деп ойлойсуз? Өзүм тестирлөөдө кокустук деген көп болот деген ишенимдемин. Билип-билбесе да болжолдуу туура жоопту белгилегендер же билгенин туура эмес белгилеп аз балл алгандар болот да…

Окуучулардын өз алдынча иштөөсүнө электрондук окуу материалдарын түзүп берип жатабыз. Бул жерден окуу материалдарынын ичиндеги мугалим үлгүрүп айтып бере албай калган тереңдетип окутуу багытындагы материалдар калып калбайт. Себеби, окуучу өз алдынча кызыгып окуй алат. Анан текшерүү жүргүзгөндө компьютердик тестте ошондой мазмундагы суроолор камтылышы керек болот.

— Жакында эле мектепте жалпы 4-класстардын ата-энелерине немис тилин окуунун артыкчылыктарын көрсөткөн презентация жыйыны болду. Сиздерде, анан Нарындагы Чкалов мектебинде иш алып барып жаткан программа бар экен. Немис тилин окугандар жетиштүү группа болбосо, ал программа мектептен кетип калат дегендей сөз болду. Сиз кандай ойдосуз?

— «Школа: партнёр будущего» (PASCH) долбоору мектепте көп жылдан бери иштешет. Бүт дүйнөнүң ар кайсы өлкөсүнөн 2000ге жакын мектептер ушул долбоордун алкагында иштешип, ага катышкан окуучулар Германиянын ЖОЖдорунда окуп билим алып жатышат. Быйылкы жылы биздин статус өзгөргөндүгүнө байланыштуу лицейдик компонентке ылайык чет тили сабактары кыскарууга дуушар болду. Ошондой болсо дагы долбоордо иштеген немис тилинен мугалимдер ата-энелер чогулушунда презентациялар менен негиздеп артыкчылыктарын айтып берүү менен 2 группа, 4 класстан кийин топтогонго жетишишти (70 окуучу). Демек, немис тилинин окутулаары мындан ары ата-энелердин чечими менен гана болот дегендик. Мындай демилгеге ушул долбоордун башчылары дагы макул болгон.

— Өзүңүз тууралуу да сөз козгой кетели. Бир кезде сиз да мектеп партасында отургансыз, кайсы кесипти кыялданчу элеңиз? Кандай бала элеңиз, тентекпи же жөнтөкпү?

— Мугалим болуп калганым кокустук эмес. Башталгыч класстарда, Арабаева Акан деген эжейим бар эле, «Келечекте ким болгуң келет?»,- десе, «мугалим, математика мугалими болом»,-деп кол көтөрчүмүн. Кичинемден математика сабагын, оозеки эсептегенди жакшы көрдүм. 5-класс кезимде, ачыгын айтканда, математика сабактарын өтүү кичине начарыраак болду. Мен отуруп алып орусча китептерден окуп, 10-классымда  математиканы Выгодский деген кичинекей көк китеп менен чыгарганым эсимде. Мен үйдүн туну, 8 бир туугандын улуусумун. “6-класска чейин тентек болгонсуң” деп айтышат, бирок тентек болгонум эсимде жок. Атам чабан болгондуктан бөбөктөрүмө баш-көз болуп жакшы окуттум, өзүм да жакшы окудум. Апам… ал да мугалим болууну каалаган экен, турмуш-шарттан улам болбой калыптыр. Орус тилин жакшы билип калышыма алтын апам себепчи болду. Бир жакка чыктыбы, орус тилиндеги китептерди сатып келе берчү. Мектептен эле улуу классиктерди, маселен, Лев Толстойдун, Михаил Шолоховдун «Тихий Дон» чыгармасын ж.б. окудум. Нарында, мектепте да орус тилин жогорку деңгээлде окутушчу. Баарынын жардамы тийип орус тили боюнча сөздүгүм эрте түзүлдү. Жогорку окуу жайда орус тилинде сабак берип жүрдүм. Азыр кыргыз тилдүү мектепте сабак берип жатам. Информатикадан олимпиадага даярдоо боюнча сабагым бар. Ошо… мугалим болом деген мотивация мектепте окудум, бүтүрдүм, Улуттук университетке тапшырдым.  Методика преподавания математики и информатики кафедрасын аяктадым. Дипломдук ишимди «8-класста математиканы компьютердин жардамы менен окутуунун айрым методикасы» деген темада жаздым.

— Кечээ солкулдаган жигит болсоңуз, бүгүн атасыз. Канча уул-кызыңыз бар?

— Эки кыз, бир уулдун атасымын. Үчөө тең Бишкектеги мектепти бүтүрүштү. Улуу кызым “Колдонмо информатика” кафедрасын бүтүп, И.Арабаевде мугалим. Экинчи кызымдын кесиби – бухгалтер, “Аудит 1С Бухгалтерия” компаниясында иштейт. Кыздарым үй-бүлөлүү, турмушка узатканбыз. Уулум студент, КТУда 2-курста, “Программная инженерия” кесибинде окуп жатат. Келинчегимдин да кесиби математика мугалими, андан тышкары, завуч. Балдарым окуган мектепте эмгектенип келет.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

One thought on “Атактуулар окуган № 5 мектептин статусун директор өзгөрттү. Эмнеге?

  1. Азаматсыз Мурат агай. Алдыга койгон максаттарыныз ишке ашсын. СИЗге окшогон патриот, окмуштуу инсандарыбыз кобойо берсин. СИЗге ИЙГИЛИК.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.