Батукаевдин иши боюнча мурдагы министр камакка алынды. Эмки кезек кимде?

Батукаевдин иши боюнча мурдагы министр камакка алынды. Эмки кезек кимде?

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов ММКларга билдирди. Билдирүүгө караганда, кримтөбөл А.Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу боюнча мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева суракка чакырылып, камакка алынган. Ал ШИИБнын убактылуу камоочу жайына киргизилген. Аны менен кошо Жазык аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да камакка алынган. Алар “коррупцияга аралашкан, документтерди жасоого жана кызматтык жасалмалоого катышкан” деп шек саналууда. Кылмыш иши боюнча тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында төрт дарыгер кармалып, экөө кайрадан үй камагына чыгарылган.

Эскерте кетсек, оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн.

Депутаттык комиссиянын жыйынтыгын билгиңиз келсе, бул жердеги ШИЛТЕМЕден окуп, ВИДЕОсун көрүңүз!

Батукаев бошотулганда андагы бийлик (Алмазбек Атамбаевдин кезинде) ошол учурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атахановду кызматтан кетирип тим болгон. Азыр анын аты кайра атала баштады эле, ал «24 kg сайтына» өзү, Атамбаев, Батукаев, Рысалиев, Кулов, Текебаев тууралуу кечээ маек берген. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.