Кенжебек БОКОЕВ: «Бизде соттолгон жаран участковый да боло албаса, он жылга соттолуп келген киши депутат же Президент боло алат»

Кенжебек БОКОЕВ: «Бизде соттолгон жаран участковый да боло албаса, он жылга соттолуп келген киши депутат же Президент боло алат»

Урматтуу Кыргызстандыктар!

2018-жылдын 25-сентябрында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзам долбоорун сунуштаган элем.

Ал мыйзам долбоорунун негизи:

-Бүгүнкү күндө бизде кандай кылмыш болсо да, бир эле жылга соттолгон жаран соттуулугу жоюлуп же алынып салынган күндө да, жөнөкөй участкалык милиционер, МАИ кызматына орношо албайт, биздин прокуратура, УКМК сыяктуу укук коргоо органдарына өмүр бою ишке кире албайт. Бирок, он жылга соттолгон жаран болсо да соттуулугу алынып салынса, ал Президент же депутат боло алат. Мына ушул жерде келишпестик жана адилетсиздик жатат. Жөнөкөй инспектор болбосун дейбиз, бирок, колбашчы болгонго уруксат берип атабыз. Эгер адамдар оор жана өзгөчө оор кылмыштар менен башкача айтканда: «беш жылдан жогорку мөөнөткө соттолсо, абактан чыккандан кийин соттуулугу жоюлганына же алынып салынганына карабастан, президенттикке жана депутаттыкка өмүр бою талапкер боло албайт» деген өзгөртүү киргизген элем. Муну менен катар аталган мыйзамда: Президент жана Жогорку Кеңешке талапкер боло турган инсандын жогорку билиминин болушу шарт экени да баса белгиленген. Бул долбоор концепциясы Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде биринчи окууда жактырылган болчу.  Киргенине 8 айдын жүзү болду. Тилекке каршы, бул мыйзам долбоору бир жылга жакын убакыттан бери каралган жок.

«Саясий туткундар» боюнча коомдо чоң талкуулар болду. Кимдир-бирөө биздин өлкөнүн жаранына буйрутма «көрсөтмө» берип, арыз жазып койсо, ал ким болбосун, жөнөкөй жаранбы, саясий лидерби, аны соттон каалагандай чечип коюга жана аны соттор дагы алардын «тапшырмасын» аткарууга барып коеруна толук ишендик. Аны турмушта ар кандай » саясий» жагдайларда, окуяларда көрүүдөбүз.  Коомдо саясий буйрутмалардын негизинде, «саясий туткунга» айланып, адилеттик таппай, өз укуктары бузулуп жаткан бир топ саясатчы, саясий лидерлерди көрүүдөбүз. Ал коом тарабынан өтө чоң сындоолорду, келишпестиктерди жаратты.  Аягы азырга чейин тыйыла элек. Бул коомдо соттордун колу менен саясатчыларды, саясий лидерлерди атайын «саясий буйрутма» менен камап коюга боло турган шарттар ачык эле аныкталып калды. Мына ушул жагдайлардын негизинде, сотторго болгон эл ишеними пайда болуп, сот реформалары өлкөдө иш жүзүндө толук ашмайынча, мындай мыйзамдарды киргизүү эрте экенине ынанып олтурам. Андыктан,  аталган мыйзам долбоорун кайра артка чакыртып алууну туура көрдүм!

Урматым менен Кенжебек БОКОЕВ, Жогорку Кеңештин депутаты

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.