Атамбаевдин эң жакын адамдары, экс-мэрлер кайрадан абакта калды

Атамбаевдин эң жакын адамдары, экс-мэрлер кайрадан абакта калды

Бүгүн, 20-майда Бишкек шаардык соту мурдагы эки мэрди Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин кароону улантып, экөөн тең абакта калтырды.

Сот эки кишинин ишин чогуу карап келүүдө. Айыптачуулардын адвокаттары муну жактырбай, эки башка бөлүп кароону (буга чейин) айтып, өтүнүч катын жолдоп келген, бирок, ал сот тарабынан канааттандырылган эмес. Бүгүн да алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, бөлүп карап, үй камагына чыгарууну өтүнүштү. Сот аны четке кагып, экөөн тең абакта калтырды. Адвокаттар алардын абакта кармалышын мыйзамсыз деп эсептейт.

Эскерте кетсек, Кубанычбек Кулматов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деген айып тагылса, Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Айыпталуучулар мурунку президент А.Атамбаевдин эң жакын адамдары, анын бийлигинде таасирлүү кызматтарда иштешкен. Экөөнүн камалганына экс-президент да нааразы болуп келет. Кубанычбек Кулматов дагы өзүнө коюлган күнөөнү четке кагып, алигүнчө колуна айып тагылган кагазын ала электигин бүгүн сотто айтып, соттордун шалаакалыгын баса белгилеп, “беспредел” деди.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.