Кечээги куудул, бүгүнкү президент Зеленский инаугурациясына 5 гана президентти чакырды…

Кечээги куудул, бүгүнкү президент Зеленский инаугурациясына 5 гана президентти чакырды…

Кечээги куудул, актер, режиссер, бүгүнкү Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленскийдин бүгүн, 20-майда инаугурациясы өтөт. Ага беш гана мамлекет башчылары бараарын аталган мамлекеттин ММКлары жазып чыкты. Алардын маалыматына таянсак, Латвия, Литва, Эстония, Грузия, Венгрия президенттеринен сырткары, Түркиянын вице-президенти, Молдованын премьер-министри, Белоруссиянын, Румыниянын, Словакиянын, Болгариянын вице-премьерлери, АКШнын энергетика министри, Франциянын Европа маселелери боюнча министри, Польшанын тышкы иштер министри жана башкалар болуп, 40тан ашык жогорку даражалуу коноктор чакырылган. Инаугурацияда кече болбойт, анын ордуна расмий салтанат гана өтүп, Зеленский Мариин паркынан чыккандан кийин иш ордуна жөө барып, дароо эле кызматка киришет.

Эскерте кетсек, В.Зеленский 21-апрелде өткөн президенттик шайлоонун экинчи турунда Украинаны 5 жыл башкарып келген Петро Порошенкону 73 пайыз менен жеңип алган. Атаандашы 25 пайызга утулуп калган.

Зеленский жөнүндө учкай маалымат бере кетсек, 41 жашта. 1978-жылы 25-январда Украинанын Кривой Рог шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү. Бир кыз, бир уулдун атасы.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.