Кубат ОТОРБАЕВ: “Тоом кулады…”

Кубат ОТОРБАЕВ: “Тоом кулады…”

Мурдагы акыйкатчы Кубат Оторбаевдин атасы Табылды Оторбаевдин сөөгү эртең, 21-майда Ат-Башы районундагы Казыбек айылында жерге берилет.

Кабыргасы кайышып турган Кубат Табылдиевич өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына мындай деп жазды: “2019-жылдын 18-майынан 19-майга оогон түнү 75 жаш курагында атам Табылды Оторбаев каза болду. Тоом кулады… Сөөгү 21-майда Ат-Башы районунун Казыбек айылында саат 11.00де жерге берилет…”

“Табылды Оторбаевдин жаркын элеси эсибизде түбөлүк сакталат”

Кыргызстандын педагогика тармагы орду толгус жоготууга учурады. 2019-жылдын 18-майында көп жылдар өмүрүн жаш муундарды тарбиялоого жумшаган кадырлуу педагог, эл агартуунун отличниги Табылды Оторбаев 75 жаш курагында каза болду.

Табылды Оторбаев 1944-жылы 18-августта Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Атасы Абдырашит II Дүйнөлүк согушка аттанып, окко учкандан кийин Табылды Оторбаев таякелеринин колунда өскөн.

Ат-Башы дарыясынын жээгиндеги Кызыл көпүрөгө жакын жердеги ДЭУдагы интернатта, андан соӊ Нарын шаарындагы жатак мектепте окуп, билим алган.

Жогорку окуу жайдагы билимин азыркы Каракол, мурдагы Пржевальский педогогикалык институтунда физика факультетинде окуу менен баштаган.

Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келгенден кийин, аталган жогорку окуу жайда окуусун улантып, аны ийгиликтүү аяктаган.

Табылды Оторбаев эмгек жолун 1970-жылы Ат-Башы районундагы Пограничник орто мектебинде баштап, өмүр бою ошол жерде физика, астрономия, трактор жана механика сабактарынан жаш муундарга билим берип, окутуу менен өткөргөн.

Табылды Оторбаев — Кыргызстандын билим берүүсүнө өзгөчө салым кошкон инсандардын бири. Ал физика, астрономия , трактор жана механика кабинетин өз колу менен, чебер сүрөтчүлүк, кылдаттык, тереӊ усулдук талант менен жасалгалап чыккан педагогдордун бири.

Анын эмгектери район, облус, борбордон келгендерди дайыма таӊ калтырып, суктандырып турганы менен даӊазалуу. Өзгөчө Табылды Оторбаевдин астрономия кабинети ошол Советтер Союзу маалында жогорку баага татып, ага «Эл агартуунун отличниги» наамы ыйгарылган.

Кабинеттин төбөсүнө Күн системасынын Галактикасы тартылганы менен ал кабинет Кыргызстандын Ишенбай Абдуразаков, Майрам Акаева, Мукаш Базаркулов сыяктуу атактуу окумуштууларына жагып, «уникалдуу, керемет» деген баасын алган болчу.

Анын жазган илимий макалалары Советтер Союзунун гезит-журналдарына, «Советтик Кыргызстан» («Кыргыз туусу») , «Мугалимдер газетасы» («Кутбилим») гезитерине, «Эл агартуу» журналы жана башка бир катар басылмаларга жарыяланган.

Табылды Оторбаев далай жаш муундарга өзүнүн тереӊ билимин, таалим-тарбиясын берген сый-урматтагы мугалим-педагог болду. Ал тарбиялап өстүргөн балдардын көбү «илимдин доктору», «илимдин кандидаты» деген наамдарга татып, Кыргызстандын өнүгүүсүнө зор салымын кошуп келатышат. Ага «агай» деген сый мамиле дайыма болуп келген, мындан кийин дагы сактала бермекчи.

Табылды Оторбаевдин жаркын элеси эсибизде түбөлүк сакталат.

Биз, маркумдун үй-бүлөсүнө, уулу коомдук ишмер, журналист Кубат Оторбаевге терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Жараткан Табылды атанын жанын жаннатка алып, бейиш бакчаларынан орун берсин.

Д. Жумабеков, А. Салымбеков, Н. Касиев, Б. Жусубалиев, Ш. Садыбакасова, М. Турганбаев, Ш. Э. Өмүракунов,А. Мусаев, Т. Жапаров, А. Жайлообаев, Ш. Абдыкеримов, Ч.Турсунбеков, Т. Сариев, И.Өмүркулов, А. Кайыпов, Ж. Субакожоев, А. Баатырбеков, К. Исаев, , А. Турсунбаев, К. Нурматов, Айдаров, А. Назаров, Т.Масабиров, Н. Алимбеков, Алыбаев, А. Эргешов, Т. Конушбаев, Д. Толонов, Р. Чойбеков, А.Токторов, Ж. Исаев, У. Самаев, Н. Мусаев K. Муратбеков, Ч. Султанбекова, М. Матазимов, А. Кожошев, Ж. Жунушев, Ж. Мусабекова, Р. Момбеков, Ж. Акаев, А. Касмалиева, А Жунус уулу, А. Шыкмаматов, К. Иманалиев, С Шер, Э. Токтошев, Б. Райымкулов, Т. Мамытов,Ж. Үсөнов, Б. Түлөбаев, Эрнис Асек уулу, Ч. Орозобекова, А. Сакыбаева, Ж. Эдигеев, О. Шакир, Э. Кыязов, А. Кыязов, Т Чоротегин, К. Молдокасымов, В. Жуматаева,И Нуракун уулу, Т. Стамалиева, Ч Эсенгулов, И. Карыпбеков, А. Касымалиева, Ж. Алиев,  Т. Алтымышев, С. Талас уулу. 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.