Момбеков 2 миң доллар алтын саатын фанатына белек кылды (ВИДЕО)

Момбеков 2 миң доллар алтын саатын фанатына белек кылды (ВИДЕО)

Бул видеодон депутат Рыскелди Момбековдон анын фанаты саатын белекке сурап алганын көрсөңүздөр болот.

Мындай көрүнүш 18-майда болгон. Ал күнү Жогорку Кеңештин депутаттары иш сапары менен Ат-Башы районуна барып, жергиликтүү калк менен жолуккан. Жолугушууда эл өкүлүнүн кол саатын белекке сураган фанаты — Белек Төлөгөнөв аттуу Терек-Суу айылынын мугалими экенин социалдык тармакка тааныштары жазып, аны куттукташууда.

Сааттын 2 миң доллар тураарын (тамашасыбы же чыныбы, кайдан -авт.) депутат Жанар Акаев видеонун аягында айтканын уктуңуздар. “Алтын саат экен. “Кыргыз Республикасынын президенти” деген да жазуусу бар экен”,-деп журналисттерге билдирген мугалим Б.Төлөгөнов. Демек, депутат бул саатты мурунку президент Алмазбек Атамбаевден алган. Эсиңиздерде болсо керек, журналист Амантур Мусагулов да Атамбаевдин кол саатын белекке сурап алган.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.