Президенттин душмандарына наалат айткан имамга эл нааразы болуп…

Президенттин душмандарына наалат айткан имамга эл нааразы болуп…
Сүрөт: Ашхабаддагы мечит

Өткөн аптанын жумасында жума намазга Ашхабаддын жарандары барып, кызык абалга туш болушканын “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы билдирген. Анын айтымында, ал дагы жума намазга катышып,

жума намаздан кийинки имамдардын баянын уккан. Имамдар өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовду сүйүүгө чакырган.

 Тагырагы, жума намаздан кийин имам президентти мактап, жетишкендиктердин бардыгы мамлекет башчынын саясатынын аркасы менен болуп жатканын айтып,  пайгамбар сыяктуу мекенди жана президентти сүйүүгө жарандарды чакырган. Мындай чакырыктардан тышкары, имам чектен чыгып, саясий билдирүүлөрдү жасаган. Имам президенттин душмандарына карата наалат айтып, атүгүл аларды жазалоону да суранган. Анын мындай сөзүнө ал жерге чогулган элдин көбү нааразы болуп, жума баяндарды мамлекеттик пропаганданын куралы катары пайдаланып жатканын баса белилешкен.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.