Түлеевдин айтканы дал келип, Атаханов камакка алынды. Рысалиевди да айтты эле… (ВИДЕО)

Түлеевдин айтканы дал келип, Атаханов камакка алынды. Рысалиевди да айтты эле… (ВИДЕО)

Бүгүн, 21-майда экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу боюнча камакка алынгандыгы тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымына караганда, Атаханов ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, сурак берип, ал Жазык-процессуалдык кодекстин 98-беренесине ылайык кармалып, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Атахановдун айткандары…

Атаханов жакында эле ушул маселе боюнча 24 kgге маек берген. Анын Батукаев, Рысалиев, Атамбаев тууралуу маегин бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуңуздар!

ТҮЛЕЕВ: “Зарылбек Рысалиев камалат”

Экс-депутат Нариман Түлеев да жакында эле Батукаевдин бошотулушу боюнча “Жалбыракка” маек берип, жакында Шамиль Атаханов менен Зарылбек Рысалиев камалаарын айткан. Аны төмөнкү ВИДЕОдон көрүңүздөр!

Буга чейин камакка алынгандар…

Азиз Батукаевдин иши боюнча буга чейин бир топ адамдар камакка алынган, тагырагы, тергөөнүн алкагында беш дарыгер кармалып, экөө кайрадан үй камагына чыгарылган. Мурдагы министр Динара Сагынбаева жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиев да 15-майда камакка алынган.

«Кызыл килем» менен узатылган Батукаев

Эскерте кетсек, алты жыл мурун оор кылмыштар үчүн соттолгон кримтөбөл Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде абактан бошотулган. Ага «айыккыс ооруга чалдыкты» деген диагноз коюлуп, ошонун негизинде дароо бошотулуп, коштоо менен Бишкекке аман-эсен жеткирилип, дипзал аркылуу өтүп, самолетко түшүп, ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен.

Болот Шердин баяндамасы (ВИДЕО)

Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жыйынтыгын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окуп, видео көрүңүздөр!

ТЕКЕБАЕВ: “Батукаев Атамбаевдин көрсөтмөсү менен бошотулган” (ВИДЕО)

Азыр ак жерден, жалган жалаа менен абакта отурган Өмүрбек Текебаев депутат болуп турганда, эч ким даап Атамбаевдин атын атай албай турганда эле Батукаевди Атамбаев бошотконун айткан. Аны бу ШИЛТЕМЕдеги ВИДЕОдон көрсөңүздөр болот!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.