Спикерге таарынган Карамушкина. Англисче сүйлөгөн Садык Шер. “Кыргыздардын” бет ачары…

Спикерге таарынган Карамушкина. Англисче сүйлөгөн Садык Шер. “Кыргыздардын” бет ачары…

Бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы өтүп жатат. Анда ар кайсы маселе көтөрүлүүүдө. Ара-чолодо спикер Дастан Жумабеков быйыл 50 жашка (1969-жылы 11-майда төрөлгөн) толгон депутат Каныбек Иманалиевдин юбилейи менен куттуктап, ага белек-бечкегин тапшырды. Бир аздан соң КДПК фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина микрофонго чыгып, коррупция боюнча маселени айтып, спикерге таарынычын билдирди. “Урматтуу төрага, эмне үчүн Каныбек Капашовичтин туулган күнүн куттуктайсыз дагы, мени куттуктабайсыздар? Менин туулган күнүм жакында эле өттү го…”,-дейт депутат. Карамушкинанын туулган күнү 7-апрель (революция болгон күнү), дал ушул күнү быйыл ал 55 жашка толгон.

Кембридждеги Садык Шердин сүйлөгөнү…

Эми бүгүн куттукталган депутат Каныбек Иманалиевдин кылган ишин сыймыктануу менен айтчу жаңылыгыбыз бар. Анын “Каганат” аттуу китеби англис тилинде Кембриджде жарык көрдү. Тагырагы, ушул жылдын 17-майында Кембридж университетинде Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин Улуу Британияда англис тилинде басылган «Каганат» аттуу китебинин бет ачаары болду.  Иш-чарага Индия, Пакистан, Кытай, Япония, Казакстан, Кыргызстан, Улуу Британия жана Европанын бир катар өлкөлөрүнөн Кембридж университетинде эмгектенип жаткан студенттер, аспиранттар жана окумуштуулар катышты. Ошону менен бирге, Каныбек Иманалиев Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттары, кыргыз тарыхы жөнүндө баяндама жасаса, Садык Шер-Нияз англис тилинде улуттук маданияттын өлкөнүн ички жана тышкы саясатындагы мааниси жөнүндө өз ойлорун билдирди.

Бүгүн 20 томдук китептин бет ачары болот

Дагы бир жаңылык, жакында эле “Кыргыздар» аттуу тарыхый 20 томдук китеп жарык көрүп, кубанып турган чагыбыз. Бул тарыхый эмгектин бет ачары бүгүн, 22-майда “Супарада” өтөт. Аталган китепте байыркы замандан бүгүнкү күнгө чейинки кыргыз элинин тарыхы, салт-санаасы, санжыра, рухий маданияты жана башка көптөгөн тарыхый маалыматтар камтылган. Буга чейин бул китеп (2010-жылы) 10 томдук болуп жарыяланган. Бу жолу толукталып, 20 томго бириктирилип, кайрадан басылып чыкты. Китепти Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов жана депутат Каныбек Иманалиев түзүп чыккан.

 Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.