Айыл чарба министри болуп Бакытбек Мамытканов келеби? Ал ким өзү?

Айыл чарба министри болуп Бакытбек Мамытканов келеби? Ал ким өзү?

Бүгүн, 24-майда өкмөттүн эки мүчөсү: айыл чарба министри Нурбек Мурашев менен экономика министри Олег Панкратов кызматтан кетти. Экөө тең коомчулуктун сынына көптөн бери кабылып келген. Панкратов коомчулуктагы сын-пикирлерден улам кызматын тапшырууну чечкенин моюнга алса, Мурашев «мен жөнүндө сөз көбөйүп кетти» деп түшүндүрдү. Үч жылдан бери министр болуп келген Мурашев ишкерлердин добушу менен өкмөт мүчөлөрүнүн арасынан “2018-жылы эң начар иштеген жетекчи” деп табылып, ага «Кара көлөш» статуэткасы ыйгарылган.

Эки министрдин орду бош калып, ага ар ким жактырган талапкерин сунуштоодо. Мисалы, 28 жаштагы фермер, ишкер Тилек Токтогазиев айыл чарба министринин кызматына өз талапкерлигин көрсөтүп, кардиналдуу реформа жүргүзүүгө убада берүүдө…

Тоголок каттагы талапкердин таржымалы

Биздин, alakan.biz сайтыбыздын почтасына дагы бир жаш жигиттин аты аталып, сүрөтү менен өмүр баяны тиркелген тоголок кат келип түштү. Ал төмөндө.

Бүгүн эки министр кетип, алардын орду бош калды. Айыл чарба министри боюнча айтсак, жарытарлык бир дагы иш кылган жок. Коомчулуктун көз карашы деле түз эмес болчу. Кыргызстандын 63% айыл аймагы түзгөндүктөн, дээрлик бизге иштин көзүн билген чарбачыл министр керек. Биз качан дыйкандарды, өз чарбасын мыкты өнүктүргөн өндүрүшчүлөрдү гана колдогондо, экономикабызга чоң салым кошулуп, ИДӨ кыйла көтөрүлмөк. Биздин өлкөгө айыл чарба министрин татыктуу тандабасак, баягы эле жолдо каларыбыз талашсыз. Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдойлу” деген эразаматтарды коомчулук билгени менен мамлекеттик кызматка жакындатпай, таанышбилишке салып жатканы баарыбызга маалым. Ошондуктан, азыр бизге татыктуу талапкер керек, ал Бакытбек Мамытканов. Урматтуу “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов жана Жогорку Кеңештин депутаттары! Эгерде чындап айыл чарбаны өнүктүрүүнү жолго салалы десек, анда Бакытбек Мамыткановдун талапкерлигин карап көрүңүздөрдү өтүнөбүз!”

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.