Атамбаев Жээнбековго жолугуп, сүйлөшүүнү сунуштаса, президент баш тартып жатыптыр…

Атамбаев Жээнбековго жолугуп, сүйлөшүүнү сунуштаса, президент баш тартып жатыптыр…

Бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамы, анын бийлигинде президенттик аппараттын башчысы болгон Фарид Ниязов (24-майда) журналисттердин жыйынында билдирди. Анын айтымында, экс-президент Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековго жолугуп, сүйлөшүүнү каалайт. Экс-президент азыркы президентке бир канча жолу жолугушууну сунуштаса, президент четке кагып, баш тартып койгон. Мындан тышкары, Ф.Ниязов бүгүнкү бийлик Алмазбек Атамбаевди бутага алгандыгын айтып, экс-президент өлкөдөн да, саясий аренадан да кетпей тургандыгын кошумчалады.

Мурунку жана азыркы президенттин, эски достордун ортосундагы ысык мамиле былтыр бузулган. Чынында, мындай бурулуш болоорун эч ким күткөн эмес. «Жээнбеков Атамбаевдин көчүн улайт»,-деп ойлогон көпчүлүк.

Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековду президент кылганына кейип, элден кечирим сураган.

И баса…

Президенттик шайлоодо (2017-жылдын 17-октябрында) Фарид Ниязовдун Сооронбай Жээнбеков менен түшкөн сүрөтү коомчулуктун сынына кабылган. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден көрсөңүздөр болот!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.